Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

«Азаттык» үналгысынын шеринеси Нарын шаарында өткөрүлдү


НАРЫН. Оболу "Азаттык" үналгысынын жетекчиси Тынчтыкбек Чоротегин, үналгынын Бишкек бюросунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов губернатор Аскар Салымбековдун кабыл алуусунда болушту. Анда Тынчтыкбек Чоротегин "Азаттык" үналгысынын басып өткөн тарыхын баяндап, үналгыда өбөлгөлүү кызмат кылган Теңир тоо кулуну маркум Төлөмүш Жакып уулунун өмүр жолун терең иликтөө менен анын зор эмгегин кийинки муундарга калтыруу сунушун киргизди. Мындай сунуш колдоого ээ болду. Ошондой эле үналгынын жетекчилиги облустук бийликке маалымат алуудагы ачык-айкындуулук үчүн ыраазычылык билдирди. Шериненин уюштуруучулары Нарын мамлекеттик университетинде жолугушуу өткөрүшүп, "Алмаз" Нарын радиостанциясы аркылуу "түз байланышта" угармандардын суроолоруна жооп беришти.

XS
SM
MD
LG