Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:00

Депутат эркин гезитти сотко берди


БИШКЕК. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабиров «ар-намыс, кадыр-баркыма шек келтирди» деген доо менен оппозициячыл маанайдагы «Учкун» эркин гезитине каршы доо арызды Бишкектин Свердлов райондук сотуна берди. Депутаттын арыз берүүсүнө «Учкун» гезитинин 30-апрелдеги санында «"Ош газды" ойрондогон Сабиров» деген аталыштагы макаланын жарыяланышы себеп болгон. Макалада Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «Ош газ» ишканасына ири өлчөмдө зыян келтиргендиги жазылган. Давран Сабиров аталган макалада жазылгандардын баары жалган экендигин билдирип, моралдык чыгым үчүн «Учкун» гезитинин редакциясынан 5 миллион сом, макала автору Калил Жамгырчиновдон 1 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG