Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:03

Түркиянын президенти жаңы диний мыйзамга вето салды


Түркиянын президенти Ахмет Неждет Сезер бүгүн парламент кабыл алган жаңы мыйзамга вето салды. Май айынын башында өткөн ал мыйзам боюнча диний окуу жайларын бүткөн окуучуларга университеттерге экзамен тапшырууда жеңилдиктер берилүүгө тийиш болчу. Президенттин айтымында, диний окуучуларга мындай артыкчылык берилсе, диний жана башка түзүлүштөр ортосундагы тең саламак бузулушу мүмкүн. Жаңы мыйзам тууралуу өз тынчсыздануусун аскерий жетекчилер дагы билдирген.

XS
SM
MD
LG