Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Депутаттын эркин гезитке каршы берген доо арызы 8-июнда каралат


БИШКЕК. Бишкектин Свердлов райондук соту 8-июнда Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабировдун оппозициячыл маанайдагы «Учкун» гезитине каршы берген доо арызын карайт. Бул тууралуу жекшемби күнү гезиттин башкы редактору Абдувахап Мониев билдирди. Депутаттын сотко арыз берүүсүнө «Учкун» гезитинин 30-апрелдеги санында «Ош газды ойрондогон Сабиров» деген аталыштагы макаланын жарыяланышы себеп болгон. Макалада Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Давран Сабиров кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, "Ош газ" ишканасына ири өлчөмдө зыян келтиргендиги тууралуу жазылган. Давран Сабиров аталган макалада жазылгандардын баары жалган экендигин айтып, моралдык чыгым үчүн «Учкун» гезитинин редакциясынан 5 миллион сом, ал эми макала автору Калил Жамгырчиевден 1 миллион сом өндүрүп берүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG