ГАЗА. Бүгүн Израилдин өкмөтү премьер-министр Ариэл Шарондун Газа тилкесинен Израилдин аскерлерин чыгарып кетүү жана ал жердеги жөөттөрдүн турак- жайларын жок кылуу планын талкуулап жатат. Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, анын планын министрлердин көпчүлүгү жактабайт. Шарон айрым министрлерди алмаштырып болсо да, пландын кабыл алынышына жетишерин билдирүүдө.
Израилдин тик учмалары бүгүн эртең менен Газа тилкесин ракета менен аткылашты. Израилдин армиясы бул тууралуу маалымат берген жок. Окуяга күбө болгондордун билдирүүсүнө караганда, 3 адам каза болду. Анын экөөсү - “Хамас” аттуу радикалдуу топтун өкүлдөрү.