Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

«Ильич шамы» аттуу долбоор ишке аша баштады


БАТКЕН. Лейлек районундагы "Камолот" жаштар демилгелүү тобу "Ильич шамы" аттуу долбоорду жүзөгө ашыра баштады. Баткендеги атуулдук коомду колдоо борборунан 31-майда алынган маалыматка караганда, долбоор негизинен райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлери тарабынан кетирилип жаткан укук бузууларды жоюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо максатын көздөйт. Бул багытта Исфана шаарынын жашоочуларынын аталган демилгелүү тобу укук боюнча окууларды, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы «Тегерек үстөлдөгү» талкууларды уюштурмакчы. Мындай долбоорду ишке ашырууга райондук электр тармактар ишканасынын кызматкерлеринин керектөөчүлөрдүн укугун бузуулары жана элдин укуктук сабатынын төмөндүгү себеп болгон. Он айда ишке ашырыла турган бул долбоорду "Каунтерпарт Кыргызстан" уюму аркылуу АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги 1875 доллар өлчөмүндө каржылаган.

XS
SM
MD
LG