Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

КЫРГЫЗ-ТАЖИК ДОСТУГУ, М.АШЫРКУЛОВДУН КЫЗМАТТАН КЕТИШИ, ДОСТУК ТУУРАЛУУ ОЙ


Президент А.Акаевдин Тажикстан менен Казакстанга иш сапары, Астанада кол коюлган документтердин маани-жайы ушу тапта комментарийге алынууда. Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун кызматтан кетиши, анын адилет шайлоо өткөрүү демилгеси аркыл пикирлерди жаратууда. Президент А.Акаевдин жакын досунун саясий аракети барып-келип адеп-ыймандык маселеге такалды.

Айтса, Коопсуздук кеңештин катчысы Мисир Ашыркуловдун кызматтан кетишин адеп-ыймандык түшүнүктүн чегинде шейшембидеги «Кыргыз туусу» гезити чечмеледи. «Жарыкчылыктагы эң оор күнөөлөрдүн бири – бул бирге өсүп, чогуу жүрүп, далай жакшылыгын көргөн досту сатып кетүү болуп эсептелет,- деп жазат П.Эргешов деген автор.- Адамдагы мындай сапат моралдык-нравалык нормативдерде кыянаттыктын эң жаман түрү катарында бааланса, ал эми динибизде шайтандын жоругуна барабар нерсе катары бааланат».

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармасынын муфтийи Мураталы ажы Жуманов гезитте жарыяланган маегинде: «Жарым кылымдай бир жүрүп, далай жакшылыгын көргөн досун ойлонбой сатып кетип жаткан адамдын Конституцияны, мыйзамдык талаптарды коргооруна ишенүү кыйын», деген оюн ортого салган.

Ушул эле тема мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун гезитте жарыяланган маегинде улантылат. Мамлекеттик катчы журналисттердин арасынан бирөө чыгып Мисир Ашыркуловдон «Сиздин бул өнөктөштөр тобуна кошулууңузга эмне себеп болду, кайсы кара шайтан сайды?» деп сурап койбогонуна таңданганын жашырбайт. «Шайлоо мөөнөтү алыста болсо да, элди дүрбөтүп, аларды өтө зарыл иштеринен алаксыткысы келгендер кимди жыргатат? Элди тынч жайына коюу керек», дейт Осмонакун Ибраимов.

Мисир Ашыркулов чөгүп бараткан кеменин капитанын жалгыз таштап кеткенин шейшембидеги «Республика» гезитинде Замира Сыдыкова жазып чыкты. Аксы окуялары боюнча парламенттик угууда Мисир Ашыркулов бул режим турганда сот системасынын өз алдынчалыгы тууралуу кеп кылуунун зарылдыгы жок экендигин билдирген. Анын адилет шайлоо өткөрүү аракетин жасай баштаганы жакшы, деп белгилейт макала автору.

Убакыт - учкан куш. Президент А.Акаевдин 15 жылга созулган башкаруусу да аягына чыгып баратат. Өзү төртүнчү мөөнөткө шайланбай тургандыгын айткан, деп белгилейт шейшембидеги «МСН» гезитинде Вячеслав Тимирбаев. Автордун ырасташынча, Кыргызстан кыйла жылдардан кийин деле кудум 1990-жылдагыдай демократия менен гүлдөп өнүгүүдөн атчабым алыс турат.

Борбор Азиядагы «демократия аралчасы» аталган өлкө реформаларга ыкчам өткөнү менен экономикалык өнүгүш жагынан башка республикалардан артта калды. Мунун себеби, автордун оюнча, президенттин жеке бийлигинин күчөшүнө, бюрократиянын терең тамыр жайышына байланыштуу. Президент оппозицияны атаандаш эмес, душманы көрүп алды.

Эгемендик жылдарында элдин бийликке деген ишеними жоголуп, үмүтү сууду, деп жазат Вячеслав Тимирбаев. Кыргызстандын тышкы карызы 1 миллиард 800 миллион доллардан ашты. Калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгү өтөле төмөн. Баарынан коркунучтуусу, республика экономикалык, техникалык өнүгүү жагынан цивилизациялуу өлкөлөрдөн атчабым артта калганы, деп жазат В.Тимирбаев «А.Акаевдин президенттигинин үч мөөнөтү: эмнеге жетиштик?» деген макаласында.

Президент А.Акаевдин Тажикстанга иш сапары, Астанада өткөн саммитке катышканын шейшембидеги «Кыргыз туусу», «Эркинтоо», «Слово Кыргызстана», «Вечерний Бишкек» гезиттери маалымдашты. Астана саммитинде Борбор Азия жалпы базарын түзүү маселеси талкууланган.

Улуттук телеканал аркылуу көрсөтүлүп келаткан «Чиркин өмүр» телесериалы соңуна чыкты. «Кыргыз туусу» гезитинде телесериалдын продюсери Жеңишгүл Өзүбекованын маеги жарыяланган. «Эми тартсак ар бир сериясын 40 мүнөттөн кем кылбайбыз, буюрса» дейт Жеңишгүл Өзүбекова. Анын айтымында, туңгуч сериалдын артынан жаңы телесериалдарды тартууга кызыккандар көбөйүүдө.
XS
SM
MD
LG