Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

ТҮРКИЯЛЫК КЫРГЫЗДАР ООГАНСТАНГА САПАР АЛЫШТЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Өткөн кылымдын 80-жылдарында Ооганстандын Улуу Памиринен Түркиянын Ван ооданына бир топ кыргыздар көчүп барышкан. Ошондон бери алар Ата Журту болуп калган Ооганстан жана андагы туугандары менен көпкө катташа албай келишти. Алар өткөн жылы гана Ооганстанга барууга мүмкүнчүлүк алышып, 3 ай жүрүп, туугандарынан кабар алып кайтышкан. Бул жылы да Түркияда жашаган кыргыздарга мүмкүнчүлүк түзүлүп, 12 адам Кабул аркылуу Улуу Памир айылына жөнөп кетишти.

Ооганстандагы кыргыздардын турмушу 19 кылымдагы коомдук түзүлүштү көп жагынан эске салып, Батыштын көпчүлүк окумуштууларынын көңүлүн өзүнө буруп келген. Алар Ооганстандын алыскы Улуу Памир айылында космостук, компютердик доор менен анчалык кабары жок, малчарбасы менен алек болуп, өз жашоосун кечирип келишкен.

Өздөрүнүн арасынан чыккан тың чыкма уулу Рахманкул Жапаркул уулун хан аташып, анын айланасына баш кошуп, жашоо-тиричилигин өткөрүп келгени коомчулукка маалым. Бирок Ооганстанда башталган атуулдук согуш, Совет армиясынын Ооганстанга киргизилиши алардын тынч жашоосуна бүлүк салып, кыргынга кабылуудан кооптонгон элдин көпчүлүк бөлүгү Рахманкул ханды ээрчип Пакистанга, андан ары Түркияга жер которууга аргасыз болушкан.

1980-жылы Рахманкул хандын жетекчилиги менен кыргыздар Пакистандан Түркияга келгенден бери алар Ооганстандагы Ата Журтуна каттай албай келген. Биз Түркиянын Улуу Памириндеги кыргыз айылында болгон кезибизде, алардын Ата Журтка болгон сагынычына күбө болуп, Ооганстанда калган туугандарыбыз менен жүз көрүшөөр күн болоор бекен деген армандарын уккан элек. Алардын ошондогу аруу тилектери өткөн жылы гана орундалып, Түркиядан аттанышкан алты өкүл Ата Журтунда 3 айдан ашуун жүрүп, ал жердеги туугандарынан кабар алып кайтышкан болчу. Ал эми туугандарынын Ата Журтуна сапар тартканы тууралуу бизге Түркиядан телефон чалган Абдулхалим Ватан буларды кабарлады:

-Мен Түркиянын Улуу Памир айылынан Абдулхалим Ватан Молдо Асан уулу болом. Ооганстандын Улуу Памир айылына биздин айылдан 12 киши кетти. Ошолорду сиз радио аркылуу кабарлап койсоңуз. Памирдеги туугандар утурлап келип аларды тосуп алса, Кабулдан ары машина барбайт, улоо менен гана барат. Памирдеги кыргыздар да тыңшайт экен «Азаттык» радиосун. Алар Кабулга кечээ барышты. Ошол жерден биз менен телефон аркылуу байланышты. Ооганстандагы туугандардын арасында үч ай жүрүп келишет.

Ошентип Түркиянын Улуу Памиринен бизге телефон аркылуу байланышкан Абдулхалим Ватандын билдиргенине караганда, Ооганстанда Улуу тоонун арасында жашаган кыргыздар да «Азаттык» радиосун угаары маалым болду. Буйурса алар Түркиядан туугандарынын келе жатканын укса чечекейи-чеч болуп, жолдон тосуп алаар. Чейрек кылым көрүшпөй, катташпай келген туугандар 2 жылдан бери кайрадан бири-биринен кабар алып, катташа баштаганын жакшылыктын жышааны деп сезишет.

XS
SM
MD
LG