Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:55

БАТКЕНДЕ ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ КЫСКАРТУУ ДОЛБООРУ ИШТЕЙ БАШТАДЫ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 2-июнда Баткен облусунда Европа комиссиясынын, Кыргыз өкмөтүнүн жана БУУнун өнүктүрүү программасынын жакырчылыкты кыскартуу багытындагын биргелешкен долбооруна кол кою аземи өттү. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа комиссиясы Баткен облусуна үч жыл ичинде 9 миллион евро берет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул долбоор ишке ашса калкынын көпчүлүк бөлүгү жакыр жашаган облус турмушун жакшыртаарына ишеним артышууда.

Жакырчылыкты кыскартуу максатын көздөгөн бул долбоорго кол коюу аземине президенттик администрациянын экономикалык саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Кубат Каниметов, Европа комиссиясынын бөлүм башчысы Брайан Толл, БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана губернатор Аскарбек Шадиев баштаган облус бийлигинин өкүлдөрү катышты. Аталган долбоор Баткен облусу менен Тажикстандын кошуналаш Согду облусунун чектеш аймактарында ишке ашырылат. Негизинен жакырчылыкты кыскартуу максатын көздөгөн бул долбоор үч багытты - айыл чарбасын өнүктүрүү, кесиптик-техникалык билим берүү, суу ресурстарын пайдалануу багыттарын камтыйт.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа комиссиясы Баткен облусуна үч жыл ичинде 9 миллион евро бермекчи. Долбоор Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы аркылуу ишке ашырылат.
Аталган программанын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович бул долбоор Баткен облусунда натыйжалуу жүзөгө ашат деген пикирде:

- Биз бүгүн эл турмушун жакшыртууну көздөгөн эң маанилүү документке кол коюу максатында келип отурабыз. Бул - Европа комиссиясынын Кыргызстандагы эле эмес, Борбор Азиядагы программасынын эң маанилүү бөлүгү. Долбоорду ишке ашыруу үчүн БУУнун өнүктүрүү программасы Европа комиссиясы, президенттик акимчилик жана облус бийлиги менен биргелешип иштеп жатканы биз үчүн кубанычтуу. Долбоор Баткен облусунда чоң ийгилик менен ишке ашат деген ойдомун.

Ал эми Европа комиссиясынын өкүлү Брайан Толл долбоор толук ачык-айкын түрдө жүзөгө ашаарын мындайча белгилейт:

- Долбоорго жумшалчу Европа комиссиясынын акчасы тыйындан өйдө кайда жумшалганы көзөмөлгө алынып турат. Мындай ишти Кыргызстан тараптан улуттук координатор катары Кубат Каниметов мырза жүргүзөт. Долбоор толук ачык - айкын түрдө ишке ашыш керек. Негизгиси - Баткендин эли биз эмне иш жасаганыбызды, акчаны кайда жумшаганыбызды өз көздөрү менен көрүп атканы дурус. Долбоор Кыргыз Республикасынын комплекстүү өнүгүү негиздери программасы менен тыгыз байланышкан. Башкача атйканда, бул аймактагы социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүү максатын көздөйт.

Бүтүндөй Фергана өрөөнүндө иш жүргүзгөн Европа комиссиясынын бул программасы алкагында Баткен облусуна өзгөчө көңүл бурулууда. Тактап айтканда, жалпы өрөөн үчүн жылына беш миллион евро бөлүнө турган болсо, анын үч миллиону Баткен облусуна тийип жатат. Облус губернатору Аскарбек Шадиев бул келишимди тарыхый келишим катары баалап, эл турмушун оңдоп алуу үчүн зор шарт түзүлүп жатканын мындайча билдирет:

- Бул келишим тарыхта кала турган келишимдердин бири деп ойлойм. Себеби, үч жылдык мөөнөттүн ичинде 9 млн. евро биздин Баткен жергебизге түздөн түз каралып, гранттык негизде бөлүнүп берилип жатат. Үч багытка бөлүнөт. Ал жөнүндө биздин донорлор кеңири айтып беришти. Жалпы Фергана аймагына бир жылга 5 млн. евро каралган болсо, анын 3 миллиону Баткен облусуна келди. Бул президент Аскар Акаевдин чет элдик донорлор, инвесторлор менен иштегени. Бул жерде биз өзүбүздүн көптөгөн сунуштарыбызды бердик. Сунуштарыбызга көңүл бурулду. Бирок ушул долбоорлор иштеп жаткан мезгилде өзгөртүү- толуктоо киргизсек болот. Эгерде берилген каражатты туура колдонсок, донорлорубузга туура багыт бере алсак, ушундай чоң көлөмдөгү акча менен турмушубузду оңдоп алсак болот. Үч жылдан кийин баа берербиз, туура багыт бере алдыкпы, туура иштеше алдыкпы.

XS
SM
MD
LG