Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:59

ТЯНАНМЭН КЫРГЫНЫНА 15 ЖЫЛ ТОЛДУ


Нарын АЙЫП, Прага Мындан 15 жыл мурда, 1989-жылдын 4-июнунда Кытай бийлиги үч аптага уланган студенттик демонстрацияны күч менен басып токтоткон. Студенттер саясий реформа талап кылышкан эле. Бирок 15 жыл өткөндөн кийин дагы Кытайда эмгиче алгылыктуу саясий өзгөрүүлөр баштала элек. Эбегейсиз экономикалык өсүш менен өлкөдө сакталып келаткан коммунисттик монополия ортосундагы карама-каршылык улам барган сайын күч алууда.

4-июнда Бээжинде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Тянанмэн аянтындагы окуялардын 15 жылдыгын белгилейли деген топторго аянтка чыгууга да уруксат берилген жок. 1989-жылдагы окуялар үчүн бийлик элден кечирим сураган жок жана эмгиче студенттердин кыймылы күч менен токтотулганын туура деп эсептейт. Студенттер болсо кошуна СССРдеги кайра куруу менен айкындыкка шыктанып, Кытайга дагы ошондой реформа керек деп борбордук аянтка чыккан.

1989-жылдын 15-майында Бээжинге Михаил Горбачев сапар менен келмек жана студенттердин демонстрациясы кандайдыр бир ченемде ошол визитке учурлаштырылган. Алар Тянанмэн аянтына чатыр тигип алып, Кытай бийлигинин коммунисттик саясатынын өзгөртүлүшүн үч апта бою талап кылган.

Кытайга келип кеткен Горбачев, бирок студенттерге басып барган эмес. Советтик жетекчи кеткенден кийин Кытай өкмөтү демонстрацияны 4-июнда танкилер менен тараткан. Канча адам курман болгону эмгиче так белгисиз. Оппозициянын айтымында, кеминде бир нече миң киши өлгөн, кээ бир булактар бир нече жүз адам набыт кеткен деп айтат.

Студенттерге анча-мынча жан тарткан саясатчынын баары кызматынан дароо алынган, бирок дал ошол окуялардан кийин коммунисттик жетекчилер бийлигин сактап калыш үчүн саясий реформалардын жоктугун эбегейсиз экономикалык ачыктык менен толуктоого аракеттенген жана эмгиче ошондой саясат жүргүзүүдө.

Экономикалык өсүш боюнча Кытай дүйнөдө азыр Америка Кошмо Штаттарынан кийинки экинчи орунга чыкты. Акыркы бир нече жыл бою дүң өндүрүштүн жогорулашы жыл сайын 10 пайыздын тегерегинде. 1990-жылдан бери өлкөгө 500 миллиард доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылды. Кытайдын экспорту 2003-жылы дүйнөлүк экспорттун 6 пайызына жетти.

1989-жылы шаарларда дээрлик эч кимдин жеке менчик үйү же машинеси болгон эмес, андан бери шаардык тургундардын жашоо-шарты төрт эсеге жакшырды деп кабарланууда. Бирок америкалык Карнеги фондунун эксперти Миншин Пэйдин айтымында, аны менен катар теңсиздик улам күчөп баратат:

- Кырк миллион адам жумушсуз калды. Шаар тургундарынын арасынан кеминде 25 миллион адам жакырчылыкка батты. Он беш жылдын ичинде теңсиздик, менин оюмча, 50 пайызга күчөдү.

Бир топ эксперттердин пикиринде, экономикалык реформаларды ийгиликтүү улантуу үчүн саясий система өзгөртүлүүгө тийиш жана эл арасындагы нааразылык улам күчөп баратат. АКШнын "РЭНД Корпорейшн" уюмунун эксперти Мюррэй Скотт Төрнердин эсебинде, 1993-жылы Кытайда 8700 ирет каршылык демонстрациялары өткөрүлгөн болсо, 1999-жылы алардын саны 32 миңге жеткен.

1989-жылдын 4-июнунда америкалык "Эй-би-си" сыналгысы үчүн Тянанмэн аянтынан репортаж берген Жон Кингдин пикиринде, жакын арада Кытайда жаңы элдик толкундоо болушу толук ыктымал:

- Эгер эртең кайрадан кеңири элдик толкундоо болуп, кытайлыктар эркиндик талап кылса, мен таң калбайм.

Кытайдын жаңы төрагасы Ху Дзинтао азыр ай сайын кытай интеллигенциясынын өкүлдөрү менен жолугуп, алардын пикирин угат. Бирок америкалык Миншин Пэйдин айтымында, Кытайда эмгиче саясий реформанын эч белгиси жок.

XS
SM
MD
LG