БАТКЕН. "Эл аралык толеранттуулук" коомдук фондусу уюштурган бул жыйынга облустук бийликтин, улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер башкармалыгынын жана облустагы бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Анда негизинен митинг, пикет сыяктуу нааразылык акцияларын тынч өткөрүү маселеси жөнүндө сөз болуп, чыр-чатактардын чыгуу себептери кызуу талкууга алынды.
"Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова жыйындарды, митингдерди өткөрүүнү тескеген мыйзамдардагы карама-каршылыктарды белгиледи.
Жыйын өткөрүүгө бийлик өкүлдөрү уруксат берүүдөн ар кандай шылтоолор менен баш тарткандыктан өлкөдө көбүнчө уруксат берилбеген нааразылык акциялары өтөөрү тууралуу маалымат берилди. Жыйын соңунда катышуучулар жыйындарды кантип өткөрүү керектиги тууралуу сунуштарын айтышты. Чыр-чатактарды болтурбаш үчүн баардык тараптар биргелешип иштөө керектигин, элдин укуктук сабатын жогорулатуу зарылдыгын белгилешти.