Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Бейөкмөт уюм улуттук коопсуздук кызматын сотко берүүгө камданууда


БИШКЕК. Эгер “Граждандык коом коррупцияга каршы” уюму боюнча топтолгон материалдар жана уюмдун жетекчилери тууралуу маалыматтар менен бизди тааныштырбаса, Улуттук коопсуздук кызматын сотко беребиз, деп билдиришти аталган уюмдан бүгүн “Азаттыка”. Мындай кадамга барууга Улуттук коопсуздук кызматы уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаиловага “Горгона”, укук коргоочулар Турсунбек Акунга “Плебей”, Наталья Абловага “Хамалеон” деген жашыруун ысым коюп, артынан аңдуу жүргүзгөн деген маалыматтар себеп болгон.

"Ошондой эле улуттук коопсуздук кызматы, “Граждандык коом коррупцияга каршы” уюмун өткөн парламенттик шайлоо учурунда Карабуура районунда жана Аксы окуясы маалында башаламандыкка түрткү берген иштерди жүргүздү деп, иликтеп, аңдуу иштерин уюштурган" дейт Төлөкан Исмаилова.

XS
SM
MD
LG