Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:12

Израилдин өкмөтү Газа сектору боюнча планды кабыл алды


Өкмөт премьер-министр Ариэль Шарондун Газа секторундагы жөөт конуштарын жоюуну жана аскерлерди чыгарууну караган планынын жаңыланган долбоорун жактырды. Өкмөттүн кечээги отурумунда планды 14 министр колдоп, жетөөсү каршы болду. Ага ылайык 2005-жылдын соңуна чейин Газа секторундагы 21 конуштун баары, ал эми Иордандын Батыш жээгинен 120 конуштун 4сү жоюлушу керек. Документте ошондой эле Иордандын Батыш жээгинен айрым аймактар Израилдин туруктуу көзөмөлүнө өтөөрү да каралган. Пландын баштапкы долбоорун өткөн айдагы ички партиялык референдумда Ариэль Шарондун "Ликуд" партиясы четке каккан эле. Эми жетишилген мунасага ылайык конуштарды жоюу этап –этабы менен ишке ашырылып, анын ар бири көчүрлөөр алдында өкмөттө добушка салынышы керек.

XS
SM
MD
LG