Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:41

ЫРАСМИЙ АСТАНА “КАЗАКГЕЙТ” СОТ ЖАРАЯНЫНАН ООЛАК БОЛГУСУ КЕЛЕТ


Чолпон Орозобекова, Прага Ушул жылдын 4-октябрында Нью-Йоркто “Казакгейт” деген ат менен белгилүү сот жараяны башталат. Казакстандын тышкы иштер министри Касымжомарт Токаев президент Назарбаевдин атын кошо булгап аткан бул сот процессине казак бийлиги кийилигишпейт деп ырастады. Ошондой эле америкалык Жеймс Гиффендин үстүнөн болчу бул соттун Казакстанга тиешеси жоктугун айтып чыкты.

Касымжоомарт Токаев “Казакгейт” деген ат менен Нью-Йоркто уланып жаткан соттук териштирүүдөн ырасмий Астана оолак болорун дагы бир жолу ырастады.

4-июнь күнү Нью-Йорктон "Азаттыктын" кабарчысы Никола Крастевге берген интервьюсунда Касымжомарт Токаев соттук териштирүү америкалык атуул Жеймс Гиффендин үстүнөн болуп аткандан кийин Казакстан өзүн четте эле кармаганы оң деп айткан:

- Бул жерде Американын атуулунун үстүнөн болуп жаткан соттук териштирүү жөнүндө сөз жүрүүдө. Биз бул процесске кийлигишкенге укугубуз жок, бул деген АКШнын иши. Ал эми Казакстан тараптан кимдир-бирөөнүн тиешеси барбы бул - башка кеп. Президент Назарбаев теле аркылуу интервьюсунда анын бул чатакка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Ошондуктан Нью-Йоркто болуп жаткан көрүнүнүштү комментарийлегенге негиз жок.

Америкалык ишкер Гиффен 1990-жылдары Казакстандын жогорку даражалуу чиновниктеринин кеңешчиси болуп иштеген. АКШ компанияларынын Казакстандын мунай кендерин концессияга алуу туралуу келишимдерге ортомчулук кылып, казакстандык чиновниктерге пара берген деп күнөөлөнүүдө. Эң башкысы Назарбаевдин, ошол кездеги премьер-министр Нурлан Балгимбаевдин Швейцариядагы банк эсептерине баш аягы 78 миллион доллар которгон деп айыпталып жатат.

Нурсултан Назарбаев өз атын кошо алып жүргөн мындай дооматтарды четке кагат. Ага карабай казак президенти дүйнөлүк коомчулук алдында ыңгайсыз болуп, өз өлкөсүнүн АКШ менен болгон мамилесине таасир этеби деп чочулайт дешет байкоочулар.

Бирок казак бийлигинин өкүлү эки өлкөнүн мамилесин солгундатат дегенге ишенбейт:

- Мындай чочулоолор жок. Мен жакынкы күндөрү эле Вашингтондо болдум. Колин Пауэлл менен жолуктум. Казакстан менен АКШнын ортосундагы мамиле ого бетер жакшыраары көрүнүп калды. Казакстанда болуп жаткан демократиялык процесске америкалык тарап дайым кызыкдар. Бул жөнүндө Пауэлл канааттаануу менен сүйлөдү.

Бирок өз кезегинде Токаев казак бийлиги коррупцияга малынганын да моюнга алат. Ошол эле учурда өнүккөн Батыш мамлекеттери деле коррупциядан жапа чегип атканын эскертет. Казак министринин айтымында Казакстанда коррупцияга каршы мыйзам кабыл алынып, атайын комиссия иштеп жатат.

Казак өкмөт мүчөсү соттук териштирүүгө кийлигишпейбиз дегени менен 2000-жылдан 2003- жылга дейре казак бийлиги бул ишти жабууга чоң күч жумшады. Андан көп өтпөй Американын Сенатынын казак бийлигине жөнөткөн чечими Казакстандагы буркан-шаркан эмоцияларды сууткандай болду. Сенаторлор казак бийлигине бул соттук териштирүүнү Американын юстиция департаменти менен чогуу жүргүзүүнү сунуштаган болчу.

Вашингтондогу Экономикалык жана саясий изилдөөлөр боюнча институтту башкарган Ринат Ахметшиндин айтымында бул ишти америкалыктар менен чогуу иликтегени казактар үчүн оңтойлуу болмок:

- Назарбаев үчүн бул иштен өзүн ажыратып, туура кадам жасаганга мүмүкүнчүлүк түзүлдү. Бул соттук териштирүүдө Казакстан америкалык бийлик менен кызматташканы оң. Буга чейин казак бийлиги сотту болтурбай коюуга чоң аракет жасады. Америкалыктардын соттук териштирүүсүнө бир топ тоскоолдуктарды жасап ийишти. Мисалы, Швейцариянын өкмөтүнө кайрылып америкалык сотко банктагы бул ишке караштуу документтерди бердирбегенге аракет кылышты.

АКШнын коррупцияга каршы мыйзамы америкалык компаниялардын чет өлкөлүк чиновниктерге пара жана белек берүүсүнө тыюу салат. Ал эми ишкер Жеймс Гиффендин Казакстандын бийлик өкүлдөрүнө пара бергени далилденсе, ал 88 жылга эркинен ажыратылат. Эң оболу президент Назарбаевдин өзүнө пара бергени Нью-Йорк сотунда далилденеби же жокпу - КМШ мамлекеттери үчүн ошол кызык.

XS
SM
MD
LG