Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

БЕЛОРУСТА ИШКЕРЛИК ҮЧҮН ШАРТ ЖОК


Сапар Орозбаков, Прага 2006-жылы Белоруста президенттик шайлоо өткөрүлөт. Өлкөнүн ишкерлери ансыз деле өнүгө албай жаткан жеке секторго эми Александр Лукашенко чабуул баштайт деп кооптонушат. Алар өзүн өзү баккан жеке сектор бийликтин сөзүн укпай коёт деп, Белорус бийлиги бизди ар кандай шылтоо менен жок кылууга аракет кылат дешет.

Белорустагы бүгүнкү абал мурдагы Советтер биримдиги учурунда Брежневдин заманын элестетет. Президент Александр Лукашенкого баш ийген статистикалык комитет өлкөнүн экономикасы дүркүрөп өсүп жаткандай көрсөткүчтөрдү берүүдө. Ага ишенсек, өлкөдө жумузсуздук деген таптакыр жок. Элдин баары жыргап-куунап жашап жатат.

Бирок эксперттер Белоруста, КМШнын башка өлкөлөрүнөн айырмаланып, ушу убакка чейин эркин рынок жок экендигин айтышат. Ички дүң продуктынын 80% мамлекеттик ишканаларда өндүрүлөт. 1991-жылы жеке менчикке айландырылган банктар кайра мамлекеттин карамагына алынды. Жеке сектор азыр 10-20% ашпайт. Алар салыктын 12 түрүн төлөшүп, бийликтин үстөмдүгү астында калышты. Ишкерлер бизди өрт өчүргүч кызматынан тартып коопсуздук комитетине чейинки көп сандаган текшерүүчүлөр күн көрсөтпөйт дешет.

Ишкерликке зарыл шарттын жоктугунан өлкөгө инвестиция да келбей калды. Мурда келген инвесторлор бул жердин оор шартына чыдай албай, кайра кетип жатышат. Мисалы, “Форд” автомобиль, “Икеа” мебель жана “Балтика” пиво чыгаруучу компаниялары Белорустан кетип калышты. 2003-жылы АКШнын мамлекеттик департаменти да өлкөдө мыйзам иштебегендигин, лицензия алуу оор экендигин, сот бийликтен көз каранды болуп, баалар мамлекет тарабынан жөнгө салынаарын билдирип, америкалык ишкерлерди бул өлкө менен экономикалык байланыш түзбөөгө чакырган болчу.

Белоруста 2006-жылы президенттик шайлоо болору белгиленип, ага Александр Лукашенко кайрадан талапкерлигин коёру күтүлүүдө. Буга байланыштуу эптеп-септеп иштеп жүргөн Белорустун анча-мынча ишкерлери эми саясий куугунтуктоолор мындан да күчөйт деп коркушат. Лукашенконун режими өз жанын өзү багып, бийликке көз каранды эмес ишкерлер бийликтин сөзүн укпай коёт, ошондуктан аларды коркутуп туруш керек деп эсептейт. Анткени чүнчүгөн эл башкарууга жеңил болот.

Президент Лукашенко жеке сектордун ишин оордотуу үчүн улам жаңы документтерди чыгарууда. Ал 1-майдан тартып товар тарткан машинелерге 5 миң евродон 15 миң еврого чейин жаңы салык киргизди. Ошондой эле, эми ишкерлер, кичинекей дүкөнү болсо да, лицензия үчүн 2 миң 450 евро төлөй турган болушту.

Жеке сектордун өкүлдөрү өлкөдөгү жакырчылык жана элдин кыйынчылыктары командалык экономиканын кесепети эмес эле, ал - бийликтин максаты деп белгилешет. “Бийлик экономиканын өнүгүшүнө кам көрүп жаткан жери жок. Ал элдин бай жана эркин болбошуна кам көрүп жатат” дейт дары-дармек фирмасынын жетекчиси, Брест ишкерлер клубунун мүчөсү Нина Павлачик.

XS
SM
MD
LG