Бутага палестин согушкерлеринин Ливандын башкалаасы – Бейруттан анча алыс эмес жерде жайгашкан базалары алынган. Кандайдыр бир жоготуулар болгону жөнүндө кабар түшкөн жок. Жөөт аскерий өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, учактар Израилдин Жер ортолук деңиздин аларга караштуу бөлүгүн көзөмөлдөп жүргөн аскердик кемеси Ливан тараптан аткыланганына жооп ирээтинде сокку урду.