Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Москвада президенттер ат чабыш көрөт


БИШКЕК. Орусиянын президенти Владимир Путин кыргыз президенти Аскар Акаевге 3-июлда Москва шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары көрө турган ат чабышка чакыруу жолдоду. Бул тууралуу бүгүн Бишкекке иш сапары менен келген Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Эленора Митрофанова билдирди деп жазат өкмөттүк «Кабар» маалымат агенттиги. Ал эми ушул эле күнү мындай чакыруу тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы билбей тургандыгын билдирди. Эленора Митрофанова Ысыккөлдө ЮНЕСКО тарабынан өткөрүлгөн эл аралык конференцияга катышуу үчүн келди.

XS
SM
MD
LG