«Вечерний Бишкек» гезитинин шейшемби күнкү басылышында журналисттерди сот жообуна тартуу же тартпоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенеште талкуулоого арналган журналист Элвира Темирдин макаласы жарык көрдү. Журналисттерди сөз үчүн жоопко тартпоону сунуштаган президенттин мыйзам долбоорун депутаттар өткөргөн жок деп жазат Эльвира Темир. "Журналисттердин «каршылаштарынын» аттарын эстеп калгыла – булар сөз эркиндигине жана демократияга каршы чыккан депутаттардын эң белгилүүлөрү» деп макаласын аяктайт автор. Ушул эле темага байланышкан макаланы «Дело №» гезити да жазып чыкты.
Мисир Ашыркуловго кол салган деп айыпталып жаткан Таалай Момуновдун соту тууралуу «Эң жоош айыпталуучу психиатрлардын колуна тапшырылды» деген макала «Дело №» гезитинин 9-июнь күнкү чыгарылышында басылды. Автор Вадим Ночевкин бул макаласында Таалай Момуновдун сотуна жабырлануучу Ашыркулов өзү Орусияда жүргөндүктөн катыша албай калгандыгын, ал өз адвокатына ишеним көрсөтөөрүн жазган. Ошондой эле Таалай Момунов сот процессинде судьянын: «Ордунуздан туруңуз. Сиз берилген суроолорго жооп бере аласызбы?» дегенине эч кандай жооп бербегендигин жазат. Андан сырткары макалада айыпталуучунун абалынын оордугун баяндаган врач-психиатр Шестакованын, Таалай бул абалга Чым-Коргондогу психикалык бейтаптар жаткан ооруканада милиция кызматкерлери тарабынан токмок жегенден кийин түшкөндүгүн жана барган сайын Таалайдын абалы оорлоп бараткандыгы тууралуу айткандары жазылган.
Гезиттин ушул эле санында журналист Олег Жуктун «Биздин акча канакей?» деген макаласы жарык көрдү. Анда ички иштер министрлигинин пенсияга чыккан кызматкерлерине өкмөт 200 миллион сомдой төлөбөгөндүгү жана алардын бүгүнкү күндөгү оор жашоо-турмуштары айтылат.
Эми 10-июнь күнү жарыкка чыга турган “Общественный рейтинг” гезитине жарыяланчу макалалар тууралуу кыскача анонсту гезиттин жооптуу катчысы Наргиза Кожомкуловадан уксаңыздар:
- Биздин 10-июнь күнү басыла турган гезитибизде төмөнкүдөй макалалар орун алган.
Кытайдын аскеринин Кыргызстанга келиши Америка менен Орусиянын ортосундагы атаандаштыкты женилдетет деген пикир бар. Геосаясат деген эмне жана Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштөрүнүн шайлоолорго болгон критерийлери кандай болушу керектиги тууралуу «Стратегиялык өнөктөштүк маселелери» деген кызыктуу макаланы окусаңыздар болот. Эксперттер «Түндүкэлектр» ишканасын реформалоонун жаңы жолун сунуштап жатышат. Бул темага байланыштуу макаланы да гезиттин ушул санынан окусаңыздар болот.