Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

«Адилет» партиясынын Жалалабат облустук жыйыны өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Партиянын облустук жыйынына 96 делегат катышты. Чогулушта партиянын санын жана сапатын арттыруу, алдыда турган жергиликтүү жана Жогорку Кеңеш шайлоосуна даярдыктарды уюштуруу маселелери каралды. Саясий кеңештин иши канааттандыраарлык деп табылып, шайлоого партиянын мыкты мүчөлөрүн сунуш кылуу зарылдыгы белгиленди. Жергиликтүү кеңештерге партиянын 113, Жогорку Кеңеш депутаттыгына 8 мүчөсү талапкер катары көрсөтүлдү. Партиянын облустук комитетинин төрагалыгына облустук каржы башкармасы Эркин Бегимкулов жана 5 адамдан турган текшерүү комиссиясы шайланды. Уюмдун өкүлдөрүнүн айтымында, облуста партиянын 816 мүчөсү, 52 баштапкы уюму бар.

XS
SM
MD
LG