Нью-Йорк шаарында кечээ күнү - дүйнөнүн ар башка булуң-бурчунда өз милдетин аткарып жатып каза болгон Бириккен Улуттар Уюмунун кызматкерлеринин урматына атайын жыйын өткөрүлдү. 2003-жылы бардыгы болуп дүйнөдө 111 ООН дипломаты курман болгон, алардын жыйырма экиси - август айында Багдад шаарында ишке ашырылган террор аракетинен өлгөн.