Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Усама бин Ладендин жардамчысы дагы бир жолу сыналгы аркылуу сүйлөдү


Жума күнү "ал-Арабия" сыналгысы Усама бин Ладендин орун басары Айман ал-Завахринин видеого жазылып алынган дагы бир кайрылуусун көрсөттү. Завахри Америка Кошмо штаттарынын Жакынкы Чыгыш боюнча жаңы демилгесин сынга алып, аны менен Вашингтон жөн гана аймактагы мамлекеттердин бийлигин алмаштырып, өз адамдарын коюуга аракеттенүүдө жана андан бул өлкөлөр баары бир чыныгы эгемендүүлүккө жетпейт деп айткан. АКШнын Борбордук чалгындоо агенттиги - сүйлөгөн адам чындап эле Завахри бекенин азыр текшерүүдө.

XS
SM
MD
LG