Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:14

Кыргыздын классикалык чыгармалары чет өлкөдөн басылышы мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстандын президенти Аскар Акаев АКШдагы «Global Scholary Publications» басмасынын директору Парвиз Моревидж менен ЮНЕСКОнун Ысыккөлдө өткөн эл аралык конференциясынын учурунда жолугушуп, кыргыздын классикалык адабий чыгармаларын басып чыгаруу маселесин талкуулады. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы таратты. Президент кыргыз элинин маданияты, искусствосу жөнүндө китептерди басып чыгаруу абдан зарыл экендигин жана ал дүйнө коомчулугуна кыргыз элин таанытуунун бир булагы болорун билдирген. Парвиз Моревидж мындай сунушту колдоого аларын билдирип, Кыргыз улуттук университети менен кызматташууну улантаарын жана глобализация доорунда Кыргызстан түпкүлүктүү билимдерди таратуунун борбору боло ала тургандыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG