Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

ДҮЙНӨЛҮК БАСМА СӨЗДӨ ЭМНЕ КЕП?


Аким Өзгөн, Стамбул Түркиянын апелляциялык жогорку сотунун өткөн аптада абактагы 4 күрт депутатты бошотуп жиберүүсү батыштык жана түркиялык басылмаларда жуманын маанилүү окуяларынын бири катары талкууга алынды.

Германияда чыгуучу Suddeutsche Zeitung-дун 11-июндагы санында күрт улутундагы экс-депутаттардын бошотулуусу, ошондой эле, Түркиянын мамлекеттик теле-радио куруму ТРТ-нин күрт тилиндеги алгачкы берүүсүн обого чыгарышы, Түркияны европа Биримдигине мүчөлүккө өтүүгө жасаган кадамы катары бааланат жана ал тууралуу Еврокеңештин башкатчысы Вальтер Швиммердин айткандарына орун берилген.

Лондондо чыгуучу Economist күрт депутаттардын бошотулушу жана күрт тилиндеги берүүлөрдүн обого чыга баштоосу Түркияда коомдук ынтымактын бекемделүүсүнө үлүшүн кошору билдирилген. Бирок делинет Economist-тин макаласында, туруктуу бейпилдиктин биротоло орношу, ПКК аталган күрт террорист уюмунун согушчандарына жана анын жетекчи кадрларына мунапыс жарыяланышы менен гана мүмкүн болмокчу.

Лондондо чыгуучу Financial Times “Түркия Евробиримдикке мүчө болуу үчүн дагы бир кадам жасады” десе; Independent “ташталган кадамдар Түркиянын Европа биримдигине мүчө болуу үмүттөрүн арттырды” дейт. Парижде чыгуучу Le Monde, “Европа биримдиги эми Түркиянын демократиялашуу жаатында жетишээрдик чен-өлчөмдө алга карай жылганын мойунга алышы керек” деп билдирген.

Испанияда чыгуучу El Mundo "Түркия Евробиримдикке карай чоң кадам шилтеди деп жазды; El Pais болсо “тарыхый маанидеги чечим менен Түркия күрт улутчулдарынын символу Лейла Зананы бошотту” деп кабарлады. Италиянын La Republika-сы, “Сахаров тынчтык сыйлыгынын лауреаты Лейла Зана 10 жылдан кийин бошотулду; Анкара берген убадаларын кармап жатат” деп комментарийлеген.

Түркияда чыгуучу Milliyet гезитинин комментатору Sami Kohen бул маселе тууралуу жазган макаласына “ийри олтуруп түз сүйлөйлү, эгерде Евробиримдикке мүчөлүк деген максат болбосо, Түркияда реформалар ушундай ургалдуу ишке ашпайт эле” деген пикирин билдирген. Posta гезитине макала жазган таанымал журналист Мехмет Али Биранд болсо, “Түркия өз атуулдарын дале таң калтыруучу ылдамдык менен алмашып жатат” деп билдирип, “Бул өзгөрүштөр кокусунан болуп жаткан жок, алыска созула турган бир процесс, коомдо баштан өткөрүлгөн орчундуу өзгөрүштөр, ички жана тышкы динамикалар бизди бул чекитке алып келди” деген. Биранд ошондой эле Түркиядагы бул алга карай өзгөрүүлөргө эми ПКК уюму да кулак төшөөсү талап кылынарын кошумчалаган.

Түркиянын мындай чечкиндүү кадамдарына Германиянын Христиан-социал биримдиги - CSU аталган партиясынын төрагасы Эдмунд Штойбер (Edmund Stoiber), “Түркиянын Европа биримдигине кирүүсүнө Франция менен биргелешип жолто болобуз. Франциянын экономика министири Sarkozy биздей ойлойт; президент Жак Ширакты да өзүбүзгө кошо алсак болду” деп айткан сөздөрү Түркиядагы басылмаларды кайдыгер калтырган жок. Hürriyet гезитинин жазганына караганда Немис консерватор саясатчы Штойбер бул тууралуу пикирин Мүнхен калаасындагы шайлоо алдындагы митингде айтып, шайлоочуларды Түркиянын Европа биримдигине кошулуусун алдын алыш үчүн өз партиясына добуш берүүгө чакырган.

Өткөн жумада Түркиянын парламенти тарабынан кабыл алынган “Басма сөз жөнүндө” мыйзам тууралуу да басылмаларда кабарланды. Хүррийет гезити ”парламент 9-июн күнү бекиткен мыйзам аркылуу шайтандын бир бутун сындырды, муну менен 54 жылдан бери колдонулуп келген, эскирип, чалдыбары чыккан басма сөз мыйзамы жаңысы менен алмаштырылды”, деп жазат.

Өткөн аптада АКШнын Жоржия штатындагы Sea Usland курорттук аралында болгон “Чоң сегиздин” кезектеги саммити жуманын орчундуу эларалык саясий окуясы катары басылмаларда кеңири чагылдырылды. Дүйнөнүн өнүккөн бай 7 өлкөсү жана Россиянын катышуусу менен өткөрүлгөн саммиттин күн тартибинин так чордонун “Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка саясаты” деп аталган Вашингтондун демилгеси ээледи.

“Чоң сегиз" араб дүйнөсүндөгү демократиялык дефицитти глобалдык күн тартипке киргизип, туура иш кылды” деп жазган New York Times ишемби күнкү санында. “Чоң сегиз башкаларды да кыймылга өтүүгө чакырып жатат. Бирок араб ааламындагы АКШнын эң эле жакын өнөктөш өлкөлөрдүн саммитке келбей коюшу бул демилгенин анча алыска бара албай турганынан кабар берип олтурат”.

“Чоң сегиздин" доошу катуу чыккан менен калган иши жокко эсе” деп комментарийлеген International Herald Tribune гезити. “Ак үй "Чоң сегиздин" саммитин чоң ийгилик деп баалаганы менен, муну кайсы чен-өлчөм менен ченегени белгисиз”.

АКШнын мурдагы президенти Роналд Рейгандын дүйнөдөн кайтышы жана анын жерге берилиши батыштагы жана Түркиядагы басылмаларда кеңири чагылдырылды. Басылмалар Рейганды “кансыз согушту соңуна чыгарган саясий ишмер” катары сүрөттөп, анын Голливуддун актёрлугунан АКШнын президенттигине чейинки карьерасы жөнүндө маалыматтарды беришти.
XS
SM
MD
LG