Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:49

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДАРДЫН КӨЛ БОЮНДАГЫ ЖЫЙЫНЫ, ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР, ТӨКМӨ АКЫНДАРГА ДҮЙНӨЛҮК БАА


Көл боюнда интеллектуалдардын чоң жыйыны өттү. Евразия маданияты, цивилизациясы ымалага келе алабы? Ортодогу ажырым жоголобу же күчөйбү? Азыркы замандын албан суроолорун алдыга жайган акылгөйлөр Көл жээгинде ой калчашты. Кыргыз басылмаларында кызуу талкууга алынган дагы бир тема - шайлоо даярдыгы. Ага улай, кийинки президент ким болушу ыктымал божомолу арбын айтылууда.

Ысыккөл жээгинде Евразия маданияттары менен цивилизациялары ымаласын талкууга алган жыйынга ЮНЕСКОнун башкатчысы, төгөрөктүн төрт бурчунан өкүлдөр катышканын шейшемби күнү «Кыргыз туусу» гезити жазды. Горбачевдук «кайра куруунун» желаргысы Кыргызстанды да каптай баштаган чагында «Ысыккөл шеринеси» ишин баштаган.

Гезитте Мундузбек Тентимишевдин «Көшөгө артындагы «дирижерлор» кимдер?» деген макаласы жарыяланган. Анда автор чет элден грант алып, акчага маарыган айрым бейөкмөт уюмдар Кыргызстанды ичтен иритүүгө далбас уруп жатышат деп белгилейт.

«Кыргызстандагы абалды ыраатынан тайытууга чет өлкөлөрдө да кызыккандар бар. Алар мындай максатын жүзөгө ашыруу үчүн коомдук уюмдарды кеңири пайдаланууну «сценарийлерине» кошушкан», деп жазат макала автору.

М.Тентимишев «республикабыздын түштүгүндө түзүлгөн Америкалык демократия институтунун (НДИ) маалымат борборлору түйүнү кандай кызмат аткарат?» деген суроону коет. Автордун ырасташынча, азыркы бийликтин каршылаштары Кыргызстандагы эл турмушу жакшырып, бакыбатчылык ар бир үйгө баш багып калганын жактырышпайт.

ЮНЕСКОнун башкатчысы Коичиро Мацуура өкмөт башчы Николай Танаевге кыргыздын төкмө акындары менен дастанчыларынын өнөрү дүйнөлүк оозеки маданияттын шедеври катары таанылгандыгын тастыктаган күбөлүк тапшырганын шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазды. Актаңдай акындар менен чебер комузчулардын, дастанчылардын өнөр жарышын өркүндөтүү максатында ЮНЕСКО 150 миң доллар акча бөлгөн.

Өкмөт башчы Николай Танаев Кыргыз маданий мурасын сактоо боюнча улуттук кеңеш түзүлөрүн маалымдады. ЮНЕСКО Кыргызстандагы 6 тарыхый-маданий эстеликти тизмесине киргизип, аларды бүлүнтпөй сактоо үчүн 1 миллион доллар акча бөлгөн.

Мисир Ашыркуловдун бийлик каршылаштарынын катарына өтүп кетишин Акүйдүн кезектеги амалы деп эсептегендер жаңылышканын шейшембидеги «МСН» гезитинде Рина Приживойт жазды. Автордун жазганына ынансак, президент А.Акаевдин көңүлүнө төп келген бийлик мураскери ириде үй-бүлөгө берилген адам болушу керек.

Ал ириде саясий, финансы чатактарынан боюн оолак кармаган, анан да жооптуу кызматтарда иштеп, жетиштүү тажрыйба топтогон ишенимдүү адам болсун. Андай талапкер, Рина Приживойттун ырасташынча, ушу тапта Чүй облусун башкарып турган Азамат Кангелдиев.

13 жылдан бери бийлик оппозиция менен ымалага келип, иштешүүгө даяр экенин айтып келатат, деп белгилейт Вячеслав Тимирбаев ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. Бийлик оппозиция тууралуу каалагандай сын айтат, каршы сөз айткандардын артына аңдуу коюп, кемчилик, мүчүлүштөрдүн текши баарын оппозицияга жүктөй салат. Баш көтөргөн Данияр Үсөнов саясатты оозангыс болду. Кытайга кеткен жер маселесин козгоодон тажабаган Азимбек Бекназаровду качанкы бир унутулган окуяга байланыштуу соттоп ийүүнүн натыйжасы кандай болгону элге дайын, деп белгилейт автор. В.Тимирбаевдин ырасташынча, оппозиция менен кызматташууну бийлик өзү каалабайт.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн кезектеги саясий иш-чарасы натыйжасыз аяктаганы Замир Өсөровдун макаласында козголгон. Кепти автордун өзүнө берели:

- Көп күндөн бери жарыяланган Турсунбек Акундун пикети болбой калды. Болжолдонгон 200 адамдын ордуна 10 эле адам келди. Биздин демократиялык коомчулугубуз мындай акциялардан чарчап калгандай сезилүүдө. Элибизди активдүүлүккө чакыра албасак, бизде демократия өнүкпөйт. Башка жол жок.

Кыргызстандын акыйкатчысына каршы соттук доо-арызды жакында Жалалабад облус соту карай турганын шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды. Азырынча сыртка чыга элек жаңжал кантсе да акыйкатчыга аброй алып келбейт, деп маалымдайт гезит кабарчысы Данияр Каримов.
XS
SM
MD
LG