Сулайман тоодогу улуттук тарыхый археологиялык музей комплекси 1949-жылы уюштурулуп, 1950-жылдын 15-майынан иштей баштаган экен. "Ош-3000" мааракесинин алкагында эң сонун эл аралык стандарттагы имаратка ээ болушкан. Бирок азыркы проблемалары да арбын. Музей комплексинин директорунун орун басары Азалат Жумабаева ал тууралуу мындай дейт:
- Мааракеге карата шашылыш бүткөндүгүнө байланыштуу бизде бир канча орчундуу иштер чала бүтүп калган. Устакана, фотолаборатория ишке кире элек. Сулайман тоосун тегерете темир тосмолорубуз бар, алар да аягына чыкпай калган. Экспедиция техникалаштырылыш керек, компьтерлештирилиш керек. Биздин фонд - казынабыз бар. Абдан сонун, уникалдуу, ал автоматташтырылыш керек.
Сулайман тоонун өзүндөгү үңкүр комплексинде да жогорку бийликтер эске алчу жагдайлар кыйла. Сөз филиалдын директору Гүлбара Капаровада:
- Үңкүр комплекси жайы, кышы бирдей 14-15 градус температураны сактайт. Бирок ошол жерде иштеген кызматкерлердин ден-соолугуна зыяны тиет деп ойлойм. Себеби, бизде көбүнчө суу маселеси өтө кыйын. Тоого суу чыгарыш кыйын. Көп каражат керек болууда. Ошого жогору жактан жетекчилер көбүрөөк көңүл бөлсө, биздин ишибиз жакшы болот эле.
Сулайман тоодогу кечки комплексинин башчысы Лилия Тен болсо музейдеги үнкүрдө тамчы көп таамп, баалуу экспонаттарды коюууга мүмкүн болбой жаткандыгын белгиледи:
- Жылдан жылга үңкүргө көп тамчы таамп жатат. Ушуга байланыштуу баалуу экспонаттарды көрсөталбай жатабыз. Улуттук статус алгандан кийин бизге көбүрөөк каражат бөлүнөөрүнө ишенебиз.