Премьер баштаган топ алгач Баткен шаарында башка облустар тарабынан курулуп жана оңдоп-түзөтүлүп жаткан имараттардын абалы, борбордук көчөлөрдү асфальттоо иштери менен таанышты. Ал эми жыйындын күн тартибинде Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалы каралды.
Алгач Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиев бул маселелер боюнча кеңири билдирүү жасады. Ал аймакта чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелердин көптүгүн, Өзбекстандын Сох анклавын айланып өтүүчү жолду бүтүрүү үчүн 20 миллион сом керектигин, калктын көбөйүшү облус борборуна жаңы мектеп куруу зарылдыгын шарттаганын, ичүүчү жана сугат суунун жоктугунан кыргыз-тажик чегиндеги Лейлектин Максат айылынан эл көчүп, натыйжада тажик атуулдары улам жылып кыргыз жерин ээлеп жатканын, бул аймакты суу менен камсыздоочу "Максат" дюкери бүтүү алдында турганын белгилеп, облус аймагындагы мунай кендерин иштетүү боюнча мындай деди:
- Баткен облусу өлкөдөгү мунай заттын 20 пайызын өндүрөт. Ошол эле учурда бизде күйүүчү май эң кымбат баада. Бизде мунайзаттарын кайра иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Бирок аймактагы мунай кендерин «Кыргызмунайгаз» ишканасынан «Баткенмунайгаз» ишканасынын карамагына өткөрүп алуу маселеси чечилбей жатат. Ушул маселе чечилсе инвесторлор мунайды кайра иштетүүчү ишкана курууга даяр. Эгер мындай ишканалар курулса элибиз эң арзан күйүүчү май менен камсыз болот. Мындан сырткары, мазут менен битум да өзүбүздөн өндүрүлүп калмак.
Бардык тармактагы көйгөйлүү маселелерге жана жасалып жаткан иштерге токтолгон губернатор Шадиев билдирүүсүн мындайча жыйынтыктады:
- Бүгүнкү көчмө жыйындын жыйынтыгы менен биз жогоруда айтылган көйгөйлүү маселелердин көпчүлүгүн чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт деп ойлойм. Сөзүмдүн акырында Баткен облусуна көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн президентибиз Аскар Акаевге, ошондой эле премьер-министр Николай Танаевге жана өкмөт мүчөлөрүнө облус калкынын жана өзүмдүн атымдан ыраазычылык билдирем.
Губернатордон соң сөзгө чыккан саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов облустун бул тармагына көрсөтүлгөн жардамдар жөнүндө сөз кылып, акыркы күндөрдө Баткендин Кызылбел айылында жугуштуу ичкелте илдети боюнча кооптуу кырдаал түзүлүп, учурда бул илдетке 65 адам чалдыкканы шектелгенин, алардын отуз алтысы ичкелтеге кабылганы аныкталганын, оорунун чыгуусуна аталган айылга барчу суу түтүктөрүнүн начардыгы себеп болгонун белгиледи.
Ал премьер-министр Николай Танаев бул маселе боюнча мындай деди:
- Мага жеткен маалымат боюнча оору беш күн ичинде эле көбөйүп кетиптир. Алгач мага он оорулуу, андан кийин 30 деп маалымат беришкен. Бүгүн болсо 70 чакты бейтап бар экен. Оорунун чыгуусуна күнөөлүүлөр жазаланууга тийиш. Ишти прокуратурага иликтөөгө бериш керек. 70 чакты адамдын ичкелтеге кабылышы не деген шумдук?! Анын үстүнө алардын көпчүлүгү жаш балдар экен.
Николай Танаевден соң бардык министрлер Баткен облусу түзүлгөндө кабыл алынган өкмөт токтомунун негизинде аткарган иштери тууралуу маалымат беришип, суроолорго жооп беришти.
Ал эми күн тартибиндеги экинчи маселеде - Кыргызстандагы башка облустар менен Бишкек шаарынын Баткенге жардам берүү маселеси каралды. Облус түзүлгөндө өлкө президенти Аскар Акаев башка 6 облустун жетекчилерине Баткен шаарына бирден ири курулуш бүтүрүп берүүнү милдеттендирген. Буга ылайык Бишкек шаары бейтапкана, Жалалабад облусу мейманкана, Чүй ат майдан, Ысыккөл мончо куруп берүү милдетин алган. Ал эми Ош облусу стадионду, Талас соода борборун, Нарын маданият сарайын оңдоп-түзөө иштерин мойнуна алышкан. Бирок айрым облустар ишти башташканы менен аягына чыкпай токтотуп коюшкан. Жалалабад, Чүй облустары болсо али күнчө эч кандай иш башташкан эмес.
Жыйында премьер-министр губернаторлорго бул курулуштарды Баткен облусунун беш жылдык мааракесине - 13-октябрга дейре бүтүрүү милдетин коюп, жаш облустун өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга чакырды. Акырында жыйында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынды.