Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Ош технологиялык университетине академик Муса Адышевдин аты ыйгарылды


ОШ. Бул окуяга арналган университет салтанаты Султан Ибраимов атындагы Ош кыргыз драма театрында өттү. Ага Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган депутаттар тобу, Бишкектеги, Жалалабаддагы, Оштогу бир катар жогорку окуу жайларынын ректорлору, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, сөз сүйлөштү. Жыйында Ош технологиялык университетинин алгачкы базасы 1963-жылы Фрунзе политехникалык институтунун Оштогу жалпы техникалык факультети катары түзүлгөндүгү, 1996-жылдан университет катары иштей баштагандыгы, учурда Кыргызстандагы үчүнчү ири жогорку окуу жайына айлангандыгы белгиленди.

XS
SM
MD
LG