Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:51

КИПР ОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТИНИН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ КЫРГЫЗСТАНДА


18-июнда Түндүк Кипрдин олимпиадалык комитетинин делегациясы Бишкекте болуп, Кыргызстандын олимпиадалык комитетинин жетекчилери менен жолугушту.

Кыргыз жергесине келген меймандарга өлкөдөгү спорттун абалын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев тааныштырды. Өлкөдөгү жеңил жана оор атлетика, спорттун беш түрү, күрөш, гребле, футбол, теннис федерацияларынын жетекчилери дагы өздөрүнүн тармактарындагы көйгөйлөр жана келечек максаттары жөнүндө маалымат беришти. Бул жолугушуусу тууралуу Кыргызстандын Олимпиада комитетинин президенти Эшим Кутманалиев мындай дейт:

- Кипрдин олимпиадалык комитети, спорт федерациялар делегациясы биздин өлкө менен кызматташууга дилгир болуп жүргөн. Себеби, алар өз алдынча мамлекет катары эл аралык аренага чыга албай жатышат. Ошондуктан биздин түрк тектүү элдердин олимпиадалык оюндарын өткөрүү демилгебиз аларды кызыктырып, Бишкекке келишти. Спорттон сырткары да башка тармактар боюнча кызматташуунун багыттарын тактап жатабыз.

Түндүк Кипрдин футбол, күрөш, таэквандо, волейбол, баскетбол, фехтования федерацияларын баштап келген олимпиада комитетинин президенти Эрип Завер Гөрбилен да өз өлкөсүндөгү олимпиадалык кыймыл, спорт жөнүндө маалымат берди. Спорттук чеберчиликти жогорулатуу үчүн биргелешип машыгууларды өткөрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Ал Кипр менен Кыргызстандын кызматташуусунун келечеги кеңдигин айтты. Жолугушууга катышкан Түркиянын Кыргызстандагы ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Музафер Эрөктөм мындай деди:

- Түркия менен Кыргызстандын маданий, соода, экономикалык байланыштары тереңдеп баратат. Бири- бирине достук маанайы да бекем, чың. Мурда спорт тармагындагы кызматташуу солгундап кетсе, эми кыргыз-кипр достук байланышына көпүрө түзүлдү. Мен ушуга кубанып турам.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн оор атлетика боюнча спорт мектебинин директору Өмүржан Молдодосовдун пикири төмөнкүдөй:

- Мындай достук байланыштын аркасы менен спортчуларыбыздын чебердиги өсүп, өрүшү кеңейет. Кипрдин спорт базалары дүйнөгө таанымал. Ал жерге барып машыгуу - ийгиликке өбөлгө гана болот.

Кыргызстандык үлуттук олимпиада комитетинин демилгеси менен эмдиги жылы Бишкекте же Стамбулда түрк тектүү элдердин, өлкөлөрүнүн эл аралык оюндарын өткөрүү демилгесин Кипрдик делегация мүчөлөрү колдоого алышты. Бул оюндарды өткөрүү боюнча убактылуу уюштуруу комитети түзүлүп, азырынча спорттун 10 түрү боюнча мелдештерди өткөрүү сунушталды.

Балдар жана жаштар арасында эл аралык мелдештерди уюштуруп, биргелешип машыгууларды өткөрүү аркеттери да алдыга коюлду. Ошондой эле түрк тектүү өлкөлөрдүн олимпиадалык комитеттеринин ассоциациясын түзүү демилгеси да жактырылды.

Кипрдин олимпиадалык комитетинин президенти Эрип Завер Горбилен мырза Кыргызстандын олимпиада комитетинин расмий делегациясын өз өлкөсүнө келип, эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюп, спорт базалары менен таанышып кетүүсүн өтүндү. Жеке эле спорт тармагы эмес башка маданият, кол өнөрчүлүк, илим-билим тармагы боюнча да кызматташуунун зарылчылыгы белгиленди.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG