Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:10

ЖОН МИЛЛЕР: «КЫРГЫЗСТАН АДАМ САТУУГА КАРШЫ КҮРӨШТҮ КҮЧӨТТҮ»


17-июнда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Вашингтон, Бишкек жана Еревандын ортосунда телефон аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү. Ал Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин адам сатууга каршы күрөш боюнча жылдык докладына байланыштуу уюштурулду. Журналисттердин суроолоруна АКШнын мамлекеттик департаментинин адамдарды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүү менен күрөшүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча башкармалыгынын директору Жон Миллер жооп берди. Жон Миллер - АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Паэллдин улук кеңешчиси.

АКШнын мамлекеттик департаменти адам сатууга каршы күрөш жүргүзүүнүн деңгээлин иликтөөгө Кошмо Штаттарынын «Адам сатуудан жабыр тарткан адамдарды коргоо» деген мыйзамындагы талаптарды негиз кылып алат. Бул жылы ал талаптарды кандай аткарып жатат деген суроо менен дүйнөдөгү 140 мамлекетти иликтөөгө алган.

Анын жыйынтыгы боюнча, мамлекеттер үч топко бөлүнүп, мыйзамдын талаптарын толук аткарып жаткан өлкөлөр биринчи, талаптарды толук аткарбаган, бирок, аракети бар өлкөлөрдү экинчи деңгээлге киргизген. Ал эми үчүнчү топко бул маселени такыр эле көз жаздымда калтырган өлкөлөр топтолгон.

Былтыркы жылдагы байкоо боюнча, Кыргызстан үчүнчү деңгээлден экинчи деңгээлге көтөрүлгөн. АКШнын мамлекеттик департаментинин адамдарды өлкөдөн мыйзамсыз алып чыгып кетүү менен күрөшүү жана мониторинг жүргүзүү боюнча башкармалыгынын директору Жон Миллердин телефон аркылуу маалымат жыйынын өткөрдү. Анын билдиргенине караганда, буга кыргыз өкмөтүнүн Кылмыш-жаза кодексине адам саткандарды жазалоо боюнча атайын беренени киргизип, бир нече адамды жоопко тартканы негиз берди:

- Адам сатууга каршы күрөш боюнча докладда Кыргызстан бир катар алгылыктуу иштерди жасады деп белгиленди. Жылдын көрсөткүчү боюнча Кыргызстан экинчи деңгээлге чыгып, ал тизмедеги мамлекеттердин алдында турат. Бул Кылмыш-жаза кодексине адам сатуу боюнча жаза берүү беренесинин киргизилгенинин натыйжасы болду. Андан тышкары ички иштер министрлигинде адам сатууга каршы күрөш жүргүзүүчү атайын бөлүм түзүлүп, тартип коргоо кызматкерлеринин арасында окуу уюштурду. Ошондой эле эмгек мигранттарынын ишин жөнгө салып, укугун коргоо боюнча Орусия жана Казакстан менен макулдашуулар түзүлүп, премьер-министр өз аппаратында атайын бөлүмдү ачты.

Жон Миллер ошону менен бирге эле кыргыз өкмөтү бул ишти алга жылдыруу боюнча АКШнын мамлекеттик департаменти сунуш кылган көрсөтмөлөрдү аткарат деген ишенимде экендигин баса белгиледи:

- Адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча Кыргызстандын улуттук кеңеши мындан ары да жемиштүү иштейт жана адам сатуу ишине күбөлөрдү коргоо боюнча атайын мыйзам кабыл алынат деп ишенебиз. Бул тууралуу вице-премьер-министр Уларбек Матеев да билдирди. Андан тышкары адам сатуудан жапа чеккендердин саламаттыгын кайра калыбына келтирүү боюнча иш алып барган жалгыз жай да мындан ары ишин улантат деп үмүттөнөбүз.

Мындан тышкары Жон Миллер АКШ мамлекеттик департаменти адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү ишине жалпы калкты жана жарандык коомду такай тартып, тыгыз иш алып барууну кыргыз өкмөтүнө сунуш кылды. АКШ болсо Кыргызстандагы элчилиги аркылуу бул ишке кандай жана канча жардам керек экендигин иликтеп, көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады. Бирок Кыргызстанда күрөш өтө эле аз акча сарпталчу ыкма менен жүргүзүлөөрүн белгилей кетти.

Анткен менен АКШнын мамлекеттик департаменти аталган докладында адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү үчүн кыргыз өкмөтүнүн ырааттуу системасы жок экендигин жана мамлекеттик кызматкерлер арасында адам саткандарга калканч болгондор бар экендигин билдирип, мамлекеттик атка минерлер арасындагы коррупцияны жоюуга өкмөт милдеттүү деп эсептейт.

Кыргыз президентинин алдындагы Адам сатууга каршы күрөш жүргүзүү боюнча улуттук кеңештин координатору Алтынай Сулайманованын айтымында, өкмөт аталган сунуштарды аткарууга аракет кылып, ушул жылдын аягына чейин «Адам сатуунун алдын-алуу жана андан жабыр тарткандарды коргоо» аттуу мыйзамды парламенттин кабыл алуусуна сунуштайт.

Бирок Сулайманова мамлекеттик кызматкерлер арасында адам сатууга жол ачкандар бар деген билдирүү негизсиз экендигин белгилеп, андай факты азырынча боло электигин билдирди:

- Ошондой эле чоң коррупция бар деп айтыш туура эмес. Балким, майда-чүйдө кызматкерлер арасында киши саткандарды колдоп кеткен фактылар болгон чыгаар. Бул маселе азыр өкмөттүн катуу көзөмөлүндө турат. Мамлекеттик кызматкердин өзү адамды өлкөдөн мыйзамсыз чыгарып кетип, саткан факты азырынча боло элек.

Ал эми аялдардын укугун коргоо боюнча көп жылдан бери иш жүргүзүп келаткан «Сезим» кризисттик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова мамдептин кыргыз өкмөтү жарандык коом менен бирге иш жүргүзүүсү абзел деген сунушун ишке ашыруу үчүн бийлик бул багыттагы мамлекеттик саясатын чукул өзгөртүүгө милдеттүү деген пикирде:

- Бул көйгөйгө карата мамлекеттик саясат өзгөртүлүшү зарыл. Өкмөт жардам берип, мамлекеттик бюджеттен акча бөлүүгө милдеттүү. Ушундай көйгөйгө кабылган адамдардын тагдырын грант менен иштеген бейөкмөт уюмдарга, чет өлкөлүк уюмдарга оодара салбай, мыйзамдарды кабыл алып эле тим болбой, конкреттүү жардам көрсөтүшү керек. Мына Араб Эмиратына, Түркияга алданып барып калган адамдарды өлкөгө кайра кайтаруу керек, аларды алып келүү үчүн каражат зарыл да!

XS
SM
MD
LG