Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:03

СУДАНДАГЫ ЖАНА ООГАНСТАНДАГЫ КЫРДААЛ ДҮЙНӨЛҮК КАЧКЫНДАР КҮНҮНДӨ ЭСКЕРИЛДИ


Бүгүн эл аралык коомчулук Дүйнөлүк Качкындар Күнүн белгиледи. Бириккен Улуттардын качкындар боюнча агенттигинин эсебинде, ушул тапта 17 миллиондой киши өзү туулуп-өскөн жеринен башка жактарга барып убактылуу баш паана тапканга мажбур болгон. Өзгөчө катаал кырдаал Африкада, тактап айтканда, Судандагы Дарфур аймагында түзүлдү.

Судандын батышындагы Дарфур аймагы, чынында да, азыркы учурда гуманитардык жактан алганда алаамат кырдаал түзүлгөн чөлкөм болуп калды. Бириккен Улуттардын качкындар агенттигинин (UNHCR) айтымында, бул жердеги жүз миңдеген кишилер согуштун жана тукум курут саясатынын айынан ачарчылыкка, аргасыз бозгунчулукка жана ажалга кептелүүдө.

Дарфур аймагынан коңшу Чад өлкөсүнө баш паана издеп качып чыккан 130 миңдей кишинин бири - Ахмад Адам Ахмад. Ал өз башынан кечирип жаткан мүшкүлдү «Азаттыкка» мындайча баяндайт:

- Жашоо-тиричилигибиз - өтө катаал, анткени кээде биз наар ала албай, тамчы сууга жете албай калабыз. Суу бизде абдан тартыш. Саламаттыкты камсыз кылчу витаминдери бар азык-түлүк жокко эсе.

Ал эми Дарфурда баш-аягы эки миллиондой киши өтө алааматтуу кырдаалга кептелүүдө. Бери дегенде 30 миңдей дарфурдук тургун согуштун жана жазалоонун айынан өмүрүнөн ажырады. Укук коргоочулардын айтымында, өздөрүн «жанжавид» (Janjaweed) деп атаган жоочу арабдар Судан өкмөтүнүн колдоосуна таянып алып, кара түстөгү африкалыктарга каршы кыргын уюштурууда. Судан өкмөтү тукум курут саясаты тууралуу бул доону өзүнө жуутпай келет, бирок көз каранды эмес байкоочулар аймакта кырдаал улам курчуп баратканын маалымдоодо.

«Эмнести интернешнл» (Amnesty International) укук коргоо уюмунун тобунда Чадга барып, судандык качкындар менен баарлашкан Анет Вебер (Annette Weber) айым алардын баштан өткөргөн окуялары тууралуу мындай дейт:

- Качкындардын айтымында, жанжавиддер атчан же төөчөн качырып келишчү, аларды машинеге түшкөн судандык өкмөттүк аскерлер коштоп алчу. Адатта, бул эки топ тең карапайым кишилерге жана жергиликтүү тургундарга чабуул койоор эле.

Вебер айым жоочулар менен өкмөттүк аскерлер колго тийген кишилерди өлтүрүп, аялдарды зордуктаганын, дарфурдуктар бет алган жагына үркүүгө аргасыз болгонун айтат.

Дүйнөлүк Качкындар Күнүндө эл аралык коомчулук айрым жакшы жышааналар тууралуу да эскерди. Маселен, талиптик режим кулагандан (2001-жылдын соңунан) бери ооган качкындары өз атажуртуна жүз миңдеп кайтууда.

БУУнун качкындар агенттигинин Пакистан жана Борбор Азия бөлүмүндө иштеген адис Жэк Реддем (Jack Reddem) Ооганстан качкындарынын өз элине кайтуусу боюнча «Азаттыкка» мындайча маалыматы менен бөлүштү:

- Акыркы эки жылдын ичинде жалаң гана Пакистандан эки миллиондон ашуун оогандык өз мекенине кайтып келди. Быйыл бул жараянды март айында баштадык эле, аз убакытта эле 170 миңдей оогандык Пакистандан өз өлкөсүнө кайтып келди.

Реддемдин айтымында, Ирандагы жана башка аймактардагы ооган качкындары да акырындап өз атажуртуна кайтууда.

Ушундай эле көрүнүш Боснияга жана Иракка да таандык. БУУнун качкындар агенттигинин маалымдашына караганда, өткөн жылы эле дүйнө жүзү боюнча бир миллиондон ашуун качкын өз үй-өлөң төшөгүнө кайтып келген.

XS
SM
MD
LG