Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

«КУРАМА-АРТТЫН» АРЫМЫ


Мындан бир жыл мурун Кыргызстанда «Курама-Арт» аттуу сүрөт галереясы пайда болгон. Көркөм искусство дүйнөсү аны сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын алып саткан кадимки көнүмүш галерея катары кабыл алган. Бирок «Курама-Арттын» түзүүчүлөрү галереянын максаты жана иштөө багыты өзгөчө экендигин көрсөтө алышты.

«Курама-Арт» галереясы Кыргызстандын эки атуулунун демилгеси менен алардын каражатына түзүлгөн. Алгач Казакстандык сүрөтчү Кенжебай Дуйсенбаевдин чыгармаларынын көргөзмөсүн Бишкекте уюштуруп, иш багыты менен максаты такыр башка экендигинен кабар берген. Көркөм искусство чөйрөсүнүн айрым өкүлдөрү мындай аракетке кооптонуу менен карашса, айрымдары такыр эле көңүл сыртынан кетирген учурлар болгон.

Ушундан улам «Башка багыттагы галареяны түзүүнүн зарылдыгы эмнеде болду?» деген суроо менен галереянын жетекчиси Айчүрөк Жамгырчиновага кайрылганыбызда, анын берген жообу төмөнкүдөй болду:

- Ал региондо батыштын көз караш, түшүнүгү менен иштеген чыныгы галереянын жоктугунан улам түзүлдү. Ал жакта галерея сүрөтчүлөрдүн бир тобу менен иш алып барып, алардын чыгармаларын элге таанытат. Чыгармаларынын кымбат баалуу каталогдорун чыгарып, көргөзмөлөрүн өз жеринде жана чет өлкөлөрдө уюштуруп, чыгармачыл сапарларды уюштурат. А биздеги галереялар көркөм салондун гана кызматын аткарат. Алар сүрөтчүлөрдүн чыгармаларын кабыл алып, сатып, өз кызматы үчүн акчасын алып турат. Алар сүрөтчүлөрдүн каталогун эч качан басып чыгарбайт жана көргөзмөлөрдү уюштурбайт. А биз болсо таланттуу, чыгармалары башкалардыкынан кескин айырмаланган жана кайталангыс сүрөттөрү бар таланттарды эксперттик топтун чечими менен тандап, көргөзмөсүн уюштуруп, чет өлкөлөргө таанытып жаткан жалгыз галереябыз.

Анткен менен «Курама-Арт» галереясы ушул жылдын апрель айында актуалдуу искусство боюнча «Башкалар дагы» деген аталыштагы көргөзмө уюштурду. Ага дүйнөдөгү бир катар мамлекеттердеги сүрөтчүлөрдүн жана башка адистеги адамдардын ар кыл темадагы, ар тармактагы чыгармалары көрсөтүлүп, өзүнө жаңы көз караш, мамилени жаратты. Бир айга созулган көргөзмө Кыргызстандыктарга башка дүйнө таанымдагы таланттардын көз караш, туюмдарын искусство аркылуу таанууга жол ачты. Анан калса актуалдуу искусство тууралуу эки күндүк семинар өткөрүп, анда жергиликтүү сүрөтчүлөр менен кызыкдар тараптарга чет өлкөлүк искусство таануучулар сабак өтүштү. Анын аягында көркөм сүрөт искусствосу боюнча жазылган рецензиялардын конкурсун жарыялап, кийинки кезде унутулуп бараткан бул өнөргө кызыгууну жандандыруу максатын алдыга койду. Ал тууралуу Айчүрөк Жамгырчинова:

- Муну менен актуалдуу искусство эмне экендигин биздин сүрөтчүлөргө, айрыкча жаш таланттарга көрсөткүбүз келди. Анткени бизде аны эч ким билбейт. Балким, Кыргызстанда сүрөттүн ушул багыты боюнча иштеп жаткан көп болсо 10 адам бардыр. Калгандарынын баары салттуу сүрөтчүлөр.

«Курама-Арт» галереясы адегенде эле Бишкекте Казакстандык сүрөтчү Кенжебай Дуйсенбаевдин жеке көргөзмөсүн бекеринен уюштурган эмес. Анын түзүүчүлөрү муну менен галерея жалгыз гана Кыргызстандын сүрөтчүлөрүн эмес, жалпы Борбор Азия таланттарын чет мамлекеттерге таанытуу негизги максаты экендигин жарыялады. Андан кийин Дуйсенбаевди Италияга чыгармачылык сапарга жиберип, жакында Голландиянын Амстердам шаарында жеке көргөзмөсүн уюштурду. Алтымышка чыккыча жеке көргөзмөсүн уюштурбаган казакстандык сүрөтчү Кыргызстандагы «Курама-Арт» галереясынын мындай камкордугуна чексиз ыраазы экендигин «Азаттык» радиосуна төмөнкүчө билдирди:

- Курама-Арт» менин өмүрүмдө зор таасир калтырды. Анын себеби, мурун мен Казакстанда жүрүп, канча иш жасасам да «Курама-Арттай» мага кызмат кылгандар болгон эмес. «Курама-Арттын» эмгеги айрыкча. Мен, мисалы үчүн, көргөзмөлөрдү тез-тез өткөрүүгө чамам жетпейт, аны өткөрүүгө кубанчым деле болчу эмес. «Курама-Арттын» демилгелеринен кийин мени "көргөзмөңдү уюштуралы" деп чакыргандар көбөйдү. Анткени анын аракети, каталогумду чыгарганы чоң реклама болду. Андан кийин Италияга саякатка жиберди. Мунун барлыгы сүрөтчүлөр үчүн, албетте, таасир бере турган айрыкча учур. Андан кийин мен көп жакшылыктарды сездим, чыгармаларымды көргүсү келген адамдар көп экендигин билдим.

«Курама-Арт» галереясынын кыргыз сүрөт искусствосун сүйүүчүлөргө тартуулаган дагы бир жаңылыгы - ушул жылдын 1-апрелинде сүрөөнчү болуп уюштурган «Калпак» аттуу көргөзмөсү болду. Ар кандай калпак кийген адамдардын ар түркүн кылык-жоруктары тартылган тамашалуу сүрөттөр көрүүчүлөрдүн кызыгуусун гана жаратпастан, ар түрдүү калпактын турмуштук мааниси тууралуу ойлонууга да мажбур кылды.

Азыр галерея кыл калемин адам турмушунун ар кыл жактарын чагылдырууга жумшап, мындан алты жыл мурун көз жумган талантуу сүрөтчү Аман Асыранкуловдун жеке көргөзмөсүн Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде уюштуруп, каталогун чыгарып, бир кезде элес алынбаган сүрөттөр өзүнчө эле тарых экендигин эл сезимине салууда.

"Жакшы маяна берген чет элдик ишканада иштегениме карабай эл үчүн иштеп, элдик мурасты чет элге таанытуу аракети менен «Курама-Арт» галареясын түздүм" деген Айчүрөк Жамгырчинова азыр кыргыз элинин арасында көпчүлүк адамдар сүрөттү коллекциялай баштагандыгын, демек, бул калктын жашоо деңгээли жогорулап, рухий дүйнө таңсыктыгын канааттандырууга багыт алып калгандыгынан кабар берет деп, кубануу менен белгиледи.
XS
SM
MD
LG