Грузиянын мамлекет башчысы Михаил Саакашвили Ажар автономиясына 7-майдан тарта түз президенттик башкаруу киргизген. Учурда Грузия парламентинде Ажариянын статусу жөнүндөгү мыйзам каралууда. Азыркы шайлоонун натыйжасында эми автономиянын жаңы бийлиги куралмакчы. Ажариянын жаңы парламенти бир палаталуу болуп, 30 депутаттан турат.
Аслан Абашидзенин тушундагы парламент эки палатадан туруп, депутаттардын саны 50ге жетчү. 2001-жылы шайланган ал парламентти грузин президенти Михаил Саакашвили ошол 7-майдагы жарлыгы менен тараткан.
Жаңы парламенттеги 30 депутаттын 12си бир мандаттуу округдардан, 18си партиялык тизме боюнча келмекчи. Шайлоо жараянынын жүрүшү көргөзгөндөй, бир орунга 15тен ашуун талапкер туура келди. Атап айтканда бир мандатуу округдардагы орундар үчүн 170тен ашуун, ал эми партиялык тизме боюнча 290дой талапкер атсалышууда. Алардын артында болсо он чакты саясий партия жана блоктор турат.
Коомдук пикирди сурамжылоонун шайлоо алдындагы жыйынтыктарына караганда, анда Грузия президенти Михаил Саакашвилинин партиясы жеңип чыгаары күтүлүүдө. Михаил Саакашвилинин Улуттук кыймылы Ажариядагы шайлоого "Саакашвили – Жеңген Ажария" деген ат менен катышып жатат. Президенттик партиянын негизги атаандашы катары Ажариянын мурдагы лидери Аслан Абашидзенин көптөн берки оппоненти – Давид Бердзенишвили лидерлик кылган Республикалык партия каралууда. Грузин бийликтери шайлоо адилет өтөөрүн убада кылган. Президент Михаил Саакашвили добуш берүү алдында Ажариянын калкына кайрылып, аларды узактан берки алгачкы эркин шайлоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга чакырды. Добуш берүүнүн жүрүшүнө болсо 100дөн ашуун эл аралык байкоочулар, анын ичинде Европа Кеңеши менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун өкүлдөрү да көзөмөл салууда.
Учурда күтүлүп жаткандай, грузин президентинин партиясынын шайлоодогу жеңиши менен Ажариянын жетекчилигине, атап айтканда, автономия жана өкмөт башчылыгына келүүчү адамдар катары Коба Хабази менен Леван Варшоломидзенин ысымдары аталууда. Леван Варшоломизде - азыр Ажариядагы утурумдук президенттик кеңештин башчысы, ал эми Коба Хабази анын мүчөсү. Экөөсү тең грузин президенти менен жакшы санаалаш адамдар.
Дегеле, азыр грузин президентинин ажар калкы арасындагы аброю өтө жогору. Көптөгөн ажариялыктар соңку күндөрү жарык дүйнөгө келген уул-кыздарына Михаил Саакашвилинин жана анын теги голландиялык жубайы Сандранын ысымын ыйгарышкан.
Айтор, Грузиянын автономиясы болгону менен акыркы он жылдан ашуун убакыттан бери андан иш жүзүндө өз алдынча жашаган Ажариянын эми кайрадан борбордук өкмөт менен камыр–жумур мамилеге келиши расмий Тбилиси үчүн саясий да, экономикалык да мааниси чоң. Маселен, экономикалык жактан алганда Ажариянын башкалаасы Батумиде региондогу ири мунай терминалы жайгашкан. Ал аркылуу эл аралык базарга жылына 9 миллион тонна чийки мунай өтөт.
Саясий жагы болсо президент Михаил Саакашвили Ажариядай кылып, дагы жикичил эки республиканы: Абхазия менен Түштүк Осетияны да баш ийдирүүнү көздөөдө. Алар Грузиядан 90-жылдардын башында бөлүнүп кеткен.