Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:26

АПТАНЫН МААНИЛҮҮ ОКУЯЛАРЫ


Бул жумада оппозициянын лидери Феликс Куловду абактан бошотуу демилгеси көтөрүлдү. Президент А.Акаев баштаган мамлекеттик делегация алгач Ташкенде, андан соң Астанадагы эларалык жыйындарга катышты. Аксы окуясында жабыркагандардын арыздары сотто каралды.

Дүйшөмбү. 14-июнда президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев маалымат жыйынын өткөрүп, президент сунуштаган мыйзам долбоорун колдобой койгону үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын сынга алды. «Айрым депутаттар мыйзамдарды кабыл алууда элдин өкүлү катары эмес, өз кызыкчылыктарына жараша мамиле жасашат», - деди пресс-катчы.

Сегизбаевдин пикиринде, анын айткандарын президенттин сөз эркиндигин жана журналисттердин укугун коргоо максатында сунуш кылган мыйзамдолбоорун депутаттардын кабыл албай койгондугу бышыктайт.

Президент Кылмыш кодексиндеги ушак-айың таратты деген кине менен журналисттерди жоопко тартууга негиз берген пункттарды алып салууну сунуштаган.
Мамлекет башчысы андан тышкары, доогер редакциядан же журналисттен талап кылган айыппулдун 5 процентин алдын-ала төксүн деген жобону «Мамлекеттик төлөм жөнүндөгү» мыйзамга киргизүүнү сунуш кылган. Бирок депутаттардын көбү долбоорду кароонун такыр эле зарылдыгы жок деген жыйынтыкка келишти. «Журналист» коомдук уюмунун жетекчиси Кубан Мамбеталиевдин айтымында, буга шайлоолордун жакындап калганы себеп болду көрүнөт:

- Жыл сайын чиновниктерден он бешке чейин арыз түшөт. Алардын башында премьер-министр турат. 5% дегенди киргизип койгондо андай арыздар азаймак. Кыязы, алдыдагы шайлоолордо журналисттерге каршы жоболорду курал кылгысы келишти көрүнөт, өз кызыкчылыктарын ойлоп.

Журналист Жаныбек Жанызактын айтымында, сотко арыз берүү учурунда 5 проценттик төлөмдү киргизүү мыйзамдаштырылса, чындыгында эле акча өндүрүүнү көздөгөндөрдүн катары суюлмак:

- Эгерде сураган акчасынын 5% алдын-ала төлөсө мынча арыз түшпӨйт эле. Дегеле, адамдын абройу акча менен өлчөнбөйт. Ошондуктан, 5% деген чектин киргизилбегени аябай туура эмес болду. Депутаттар бул жерден өз жүзүн көрсөтүп койду.

Абдил Сегизбаевдин билдирүүсү боюнча, парламент ушуну менен президенттин сунушун төртүнчү жолу колдогон жок. Ага карабастан ал дагы бир ирет сунушталмакчы.

Шейшемби. 15-июнда «Арнамыс» партиясынын азыр камакта жаткан төрагасы Феликс Куловдун адвокаты Любовь Иванова №19 түрмөнүн жетекчилигине арыз жолдогону белгилүү болду. Анда «Арнамыс» партиясынын жетекчисин абактан бошотуу демилгеси көтөрүлдү. Мыйзамга ылайык эми түрмөнүн жетекчилиги Феликс Куловду түрмөдөн чыгарууга болобу же жокпу деген суроонун башын ачып алуу үчүн Сокулук райондук сотуна кайрылуу тийиш. Эгер сот «Арнамыс» партиясынын лидери мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкса болот, ага мыйзам жол берет деп чечсе анда дээрлик 4 жылдан бери абакта отурган Кулов жакын арада боштондук алышы ыктымал. Бул маселе тууралуу Любовь Иванова «Азаттыкка» мындай деди:

- Мен Куловду мөөнөтүнөн мурда бошотуу арызы менен кайрылдым. Эгерде мыйзамга жараша санаса Кулов өткөн жылы эле чыкмак. Бирок сот андай чечкен жок. Алардын өз эсеби бар.

Адвокат Иванованын айтымында, мыйзамга жараша Кулов өткөн жылы эле абактан чыгышы керек болчу. Анткени Куловдун түрмөдөгү кээ бир күндөрү эки күнгө эсептелүүгө тийиш эле жана ал азаттык алса мөөнөтүнөн мурда чыкты деп эсептелмек. «Бирок ага карата мыйзамдар колдонулбай жаткандыктан чыгарылбай келатат», деп билдирди Иванова.

Депутат Азимбек Бекназаровдун демилгеси менен былтыр Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына жана Конституция күнүнө карата мунапыс тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыккан. Эгерде анын алгачкы варианты кабыл алынып, президент ага кол койгондо Кулов абактан бошомок эле. «Бирок муну билгенден кийин Ак үй мурдагы чечиминен баш тартып, мыйзамдын долбоорун кайра өзгөрттү» дейт «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев.

Ушул эле аптада акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Ф.Куловду бошотуу сунушу менен юстиция министрлигине кайрылды. Бакир уулунун айтымында, анын жүргүзгөн эсеби боюнча Феликс Куловду мөөнөтүнөн мурда шартуу түрдө боштондукка чыгара турган убак келди. Юстиция министрлиги болсо бул маселе боюнча жоопту дүйшөмбү күнү билдирет деген маалымат бар.

Шаршемби. 16-июнда Аксы райондук соту 2002-жылдын 17-18-мартында окко учкандардын жакындарынын граждандык тартипте берген доо арызын карап, аны канааттандырган жок. Эмне себептен экендиги айтылбады.

Аксы окуясында каза тапкандардын жакындары моралдык зыян үчүн ар бир үй бүлөгө 2 миллион сомдон, ал эми материалдык зыян үчүн 500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин компенсация төлөөнү өкмөттөн өндүрүп берүүнү талап кылышкан болчу.
Жогорку Кеңешке Аксы районунан шайланган депутат Азимбек Бекназаровдун айтымында, сотко мындай арыз берүүгө Аксы окуясына күнөөлүүлөр кылмыш жоопкерчилигине тартылбай келгени себеп болду:

- Ушул күнгө чейин алты адамдын атып өлтүрүлүшүнө байланыштуу кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлгөн жок. Бир дагы киши «күнөөлү» деп табылган жок. Болгону «пикет, митинг, жөө жүрүштөргө уруксат бербегендиги үчүн» деп жергиликтүү чиновниктерге иш козголуп, алар да толук акталышты. Ушуга байланыштуу каза болгондордун ата-энелери, кароосуз калган балдары, урук-туугандары граждандык тартипте өкмөттөн материалдык, моралдык зыян үчүн компенсация талап кылышууда.

Бейшемби. 17-июнда Ташкенде Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйыны өз ишин аяктады. Президенттер адегенде уюмдун Ташкенде жайгашкан аймактык антитеррордук структурасынын баш кеңсесин ачуу аземине катышты. Жыйын учурунда президент Аскар Акаев Кытайдын төрагасы Ху Цзиньтао менен жекеме жеке жолугушту. Транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, жолугушуу учурунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстандын ортосундагы темир жолду куруу жана Эркечтам-Сарыташ-Ош автожолун оңдоо тууралуу сөз болду.

Жума. 18-июнда Астана шаарында дагы бир эларалык жыйын өттү. ЕврАзЭСке кирген Орусия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Белорусиянын президенттери мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты чыңдап, экономикалык байланыштарды күчөтүүнү талкуулашты. Отурумдун соңунда баш-аягы 18 документке кол коюлду. Алардын ичинде Борбор Азиядагы суу-энергетика ресурстарын майнаптуу пайдалануу, уюмга кирген өлкөлөрдүн аймагында темир жол менен жүк ташууда жеңилдетилген бирдиктүү тариф киргизүү, мыйзам чыгаруунун негиздеринин статусу тууралуу жана баалуу кагаздар базарындагы кызматташтыкты чыңдоо тууралуу келишимдер бар. Ошентип, уюм түзүлгөндөн бери анын алкагында кабыл алынган документтердин саны 70ке жетти.

«Борбор Азиядагы өнүгүү жана кызматташуу» коомдук уюмунун адиси Жамиля Кушчубекова президенттер кол койгон ал документтер кагаз бетинде калбай, иштесе андан карапайым эл эле утат деген пикирин айтты:

- Эгерде президенттер кабыл алган макулдашуулардын баары турмушка ашса анда уюмдун келечеги кең болот. А эгер алар кагазда гана калса, уюмга мүчө мамлекеттер ага кол коюп эле унутуп калса, анна ар ким өзү менен өзү болсо – анда бул кагазда гана жашаган уюм болуп калат.

Президент Аскар Акаев Кыргызстан өзүнүн эң ири Камбарата ГЭСинин курулушун ЕврАзЭСтин алкагында бүтүрүүнү көздөп жатканын жашырган жок:

- Кыргызстан Евразия шериктештигинин келечектеги ишмердүүлүгү менен аймактагы эң ири Камабарата ГЭСин куруу планын байланыштырат. Ал Борбор Азияны суу жана электр кубаты менен камсыздоо маселесин чечип, бирдиктүү энергетикалык базар түзүүгө жакшы өбөлгө түзөт.

Президент Акаевдин айтымында, Камбарата ГЭСинин курулуш менен Борбор Азия элдерин электр кубаты, суу менен камсыздоо боюнча бир топ маселелер чечилип калмак.

Астанадагы жыйынга катышып келген Транспорт жана байланыш министринин орун басары Айзат Ажикеевдин айтымында, ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттер темир жол тарифтерин эларалык деңгээлден арзандатып, стратегиялык делген кокс, көмүр, курулуш материалдары, мунайзаттар сыяктуу товарларды ташууга өзүнчө баа киргизүүгө негизинен макулдук беришти. Бирок ал тариф бара-бара акырындап киргизилмекчи:

Ушул эле 18-июнда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Борис Полуэктов «Ал-Каида» жана Өзбекстандын ислам кыймылы уюмдары «Хизб ут-Тахрир» партиясынын мүчөлөрүн террордук иштерге пайдаланууга аракет жасап жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG