Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

ЖАЛАЛАБАДДА ТАБИГЫЙ КЫРСЫККА КАРШЫ КҮРӨШ КАНДАЙ АБАЛДА?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жалалабад областында табият кырсыгынан жапа чеккени менен, 1994-жылдан бери өкмөттүн насыя акчасын алалбай жүргөн үй-бүлөлөр аз эмес. Сел, жер көчкү жүрүшү ыктымал жерлерден 1003 үй-бүлө көчүрүлбөй келатат. Анткени, аларга берилүүчү 24 миң сомго курулуш материалдарын толук сатып алуу мүмкүн эмес. Өрттүн айынан башпаанасыз калган 17 үй-бүлө менен эч кимдин жумушу жок.

Област боюнча коркунучтуу жерлерде 1003 үй-бүлө жашайт. Өкмөттө мурда каралган 24 миң сомдун экиден же үчтөн бир бөлүгү берилиши аларды канааттандырбайт. Мынча акчага, Сузак районунан Узак Маматкуловдун пикири боюнча, курулуш материалдарын сатып алууга мүмкүн эмес:

- Азыркы кымбатчылыкта 24 миң сомго эч кайсы курулуш материалын сатып алууга болбойт. Көп жылдан бери кезекте туруп, коркунучтуу аймакта жашагандарга мамлекет кур дегенде 100-200 миң сомдон жардам берсе, жакшы болмок.

Былтыр өрттүн айынан убактылуу башпаанасынан айрылган Жалалабад шаарындагы 17 үй-бүлөлүнүн 55 адамына ким жардам берээри белгисиз. Жабыр тарткандардын бири Орозбек Калбаевдин аныктамасында, алардын үй курганга мүмкүнчүлүгү жок:

- Турак-жай тургузганга чамабыз болсо, арга түгөнбөсө «Азаттык» радиосуна кайрылбайт элек. Шаар башчыдан тартып, президентке чейин кайрылдык, майнап чыккан жок. Эми кыргыз өкмөтү кол кабыш кылабы деген үмүтүбүз бар.

Он жыл мурда табият кырсыгында жабыр тарткандардан 505 үй-бүлөгө өкмөттүк насыя эмдигиче тийе элек. Жардам сураган жарандардын абалын областтык тармактык уюм өкмөткө утуру билдиргени менен, анын кайрымжысы сезилбейт:

- Кооптуу жайлардагы 4100 үй-бүлөнүн 1003ү көчө элек. Күнүнө бизге 10-15 адам "кредит же ссуда качан берилет?" деп кайрылып турушат. Маселени чечүүнү өкмөт ойлонуштуруп жатса керек - дейт областтык чукул кырдаалдар башкармалыгынын орунбасары Талант Атабеков.

XS
SM
MD
LG