Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:25

ДҮЙНӨЛҮК КАЧКЫНДАР КҮНҮ КЫРГЫЗСТАНДА КАНДАЙ БЕЛГИЛЕНДИ?


Чүйдүн Ивановка айылында Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлдөрү “мекенге тете жер” деген ат менен салтанаттуу жыйын өткөрүштү. Ага аталган уюмдун Борбор Азия боюнча өкүлү Дэниел Беллами, Чүй райондук акимчилигинин миграция боюнча кызматынын өкүлдөрү жана качкындар катышты.

Бүгүн дүйнө жүзү ушуну менен төртүнчү жолу качкындар күнүн белгилеп жатат. Жыйында Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариатынын өкүлдөрү сөз сүйлөп, четтен келгендердин оор жашоо-турмушу, татаал тагдыры тууралуу айтышып, аларга колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык азыркы тапта Кыргызстанда Тажикстандан келген 6583 адам жашап жатат. Мындан тышкары Ооганстандан 724, Чеченстандан 480 качкын келип, башпанектешүүдө. Өзбек диаспорасынын өкүлү Тахир Садыковдун айтымында, Өзбекстандан келгендер да бар, бирок алардын бири дагы качкын катары катталган эмес. Алар негизинен акча табыш үчүн эле келишет.

Качкындар боюнча жогорку комиссариаттын маалыматына караганда, Тажикстандагы ич-ара чыр-чатактардын кесепетинен Кыргызстанга 16 миңден ашык качкын келген. Алардын ичинен 7 миңи 1998- жылдан тартып өз мекенине кайткан. Ал эми 2001-жылдан бери 4300 тажик качкындар кыргыз жарандыгын алышкан.

Бирок азыркыга дейре кыргыз паспортторун ала албай жүргөндөр да жок эмес. Тажикстандын Жергетал айылынан келген Ахидин Мухидинов 10 жылдан бери Кыргызстандын паспортун ала албай жүргөндүгүн айтты:

- Кыргызстанга келгениме 10 жылдан ашты. Азыркыга чейин паспорт ала элекмин. Качкын күбөлүк менен жүрөм. Буюрса, быйыл кыргыз жарандыгын алам деген ишеним бар. Мындай жагдай мени абдан кубандырып турат.

Бирок ошого карабастан Кыргызстанда жашап жаткан качкындар “өз үйүбүздө жашап жатабыз" деген оюн билдиришти. Алардын пикири боюнча, башка бир да өлкө качкындарды Кыргызстан кабыл алгандай меймандостук менен тосуп алган эмес. Кыргызстандын жарандыгын алган качкын Хайриниссо Джурабаева өзүнүн ыраазычылыгын ыр аркылуу мындай деп билдирди:

- Жүрөгүмдө так калды,
Качкын деген сөздөрү.
Жашап калдык бул жерде,
Он бир жылдын жүздөрү.

ООН деген уюм бар,
Качкындарга кол берген.
Оомат күн түшсө башына,
Качкынды издеп ал келген.
Миң миртебе ырахмат,
Кол сунгандар баарына.

Ооганстандан жер кезип келген качкын Абдухамид Юсуфи да кыргыз элине ыраазы:

- Мен Кыргызстанга келгениме 8 жыл болду. Буга чейин Кабулда жашагам. Ооган качкындарынын абалы жөнүндү айта кетсем, менин оюмча, аларга Кыргызстан мекениндей эле болуп калды. Жеке мен үчүн Кыргызстан жаккандыктан ушул жерде жашап жатам. Ал эми кыргыз эли менен бир туугандайбыз, урмат-сый менен гана жашап келатабыз.

Чет өлкөлөрдөн мындай тагдыр менен келгендердин көйгөйлөрүн чечүүгө Бириккен улуттар уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссариаты жана анын өнөктөштөрү өз салымын кошуп жатат. Качкындар боюнча жогорку комиссариаттын өкүлү Гүлзат Айтимбетова качкындардын укугун коргоого бардык аракеттерибизди жасап жатабыз деди:

- Эгерде кандайдыр бир чечилбей жаткан маселелери болуп калса, анда биздин уюм, ошондой эле, биз менен иштешип жаткан укуктук кеңеш берүүчү борбор жана башка уюмдар аларга бекер кеңеш айтып, укуктарын колдоого жардам берип турабыз.

XS
SM
MD
LG