Баштапкы маалыматтар боюнча Грузия президенти Михаил Саакашвилинин жактаган күчтөрдү же тактап айтканда, "Михаил Саакашвили - Жеңген Ажария" деген шайлоо блогун добуш бергендердин 75%дайы колдогон. Талап кылынган 7%дык чектен аталган блоктун негизги атаандашы - Республикалык партия да ашты.
Ажариянын Жогорку кеңешине жаңы шайлоо өткөрүү зарылчылыгы өткөн айдын башында автономиянын мурдагы лидери Аслан Абашидзе бийликтен кулатылган соң келип чыккан. Андан бери Ажарияга расмий Тбилиси президенттик түз башкаруу киргизген. Эл аралык байкоочулар добуш берүү кандай өткөнү боюнча өз бүтүмүн жакын арада жарыялаары күтүлүүдө.