Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Иракта барымтага кармалган түштүк кореялык атуулдун аман-эсен экени маалымдалды


БАГДАД. Иракта барымтада кармалган түштүк кореялык атуулдун тирүү экени маалымдалды. Бул жөнүндө барымтачылар менен байланышкан бир түштүк кореялык бизнесменге шилтеме берип, түштүк корей кабар агенттиги билдирди. 33-жаштагы корей ишкерди барымтага алган диний экстремисттер эгерде Түштүк Корей аскерлери Ирактан чыгып кетпесе, анда туткундун башын ала турганын жарыялашкан.
Ультиматумдун мөөнөтү кечээ кечинде соңуна чыкты. Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ши Бон-Кил:

- Мекендешибизди куткарып калуу үчүн колдон келген баардык нерсени жасап, көптөгөн өлкөлөр жана уюмдар, анын катарында Бириккен Улуттар Уюму менен чөлкөмдөгү “ал-Жазира” жана “ал-Арабия” сыналгы каналдары менен сүйлөшүп жатабыз, - деп айтты.

Расмий Сеул Иракка 3000 солдатын жиберүү чечиминен кайра кайтпай турганын кечээ билдирген. Ал жерде азыр 600 түштүк корей аскери кызмат өтөөдө. Сеул Иракта иштеп жаткан ишкерлерин эвакуациялоону чечти.

XS
SM
MD
LG