Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:08

Президент Владимир Путин Ингушетияда болуп кайты


Путин ингуш президенти Мурат Зязиков менен жолугушуп, кырдаалды талкуулады. Кечээ кечинде жумурияттын бир нече шаарларында милиция имараттарына болгон кол салуулардан кеминде 57 киши набыт болду. Алардын 47си тартип коргоо органдарынын кызматкерлери. Путин Ингушетияга ички иштер министрлигинин атайын полкун жайгаштыруу буйругун бергенин билдирди:

- Окуяларга караганда федералдык борбор жумуриятты коргоо үчүн жетиштүү аракеттенген жок. Андыктан Назранда ички иштер министрлигинин кошууну жайгаштырылмакчы. Алар коргоо министрлигинин күчтөрү менен бирге аэроптортту кайтарууну жана башка коопсуздук чараларын күчөтмөкчү.

Путин кол салуулардын уюштуруучуларын табуу өтө маанилүү экенин белгиледи. Президент ошондой эле курман болгондордун үй-бүлөөлөрүнө жардам бөлүп берүүнү буйруду.

XS
SM
MD
LG