Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:24

«Арнамыс» партиясынын облустук лидери таяк жеди


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын Ош жана Жалалабад облустары боюнча бөлүмүнүн башчысы Дарман Жоробеков 22-июнда Жалалабад шаардык милиция кызматкерлери тарабынан таяк жегенин билдирди. Оппозициялык партиянын регионалдык лидеринин айтымында, милиция кызматкерлери аны «Арнамыс» партиясынын активисти болгондугу үчүн сабашкан.

Жалалабад шаардык милиция кызматынын кезметчисинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Дарман Жоробеков мас абалында кармалып, шаардык милициянын имаратына алынып келинген. Мына ошол жерде мас абалындагы экинчи киши менен мушташып кеткен.

«Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиевдин айтымында, жашы улгайган жана көзү начар көргөн Дарман Жоробеков ичимдик ичпейт. Партия 22-июнда болгон окуяны иликтөөгө алат. 23-июнда Дарман Жоробековдун ооруканага жаткырылганы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG