"Жашыруун" тизмеден жаңы чыгарылган жүздөгөн документте абактагыларды кыйноого уруксат берилгени тууралуу эч нерсе айтылган эмес. Аларга ылайык 2002-жылы декабрда Коргонуу катчысы Дональд Рамсфельд Кубанын Гуантанамо Бей түрмөсүндө камалган шектүү талибдерди жана "ал-каидачыларды" суракка алуунун катаал эрежелерин жактырган, бирок көбү, анын ичинде ит менен коркутуу өңдөнгөн чаралар бир нече аптадан кийин күчүнөн кетирилген. Ал эми 2003-жылдын апрелинде жеңилдетилген чаралар жактырылган.
Демократ сенатор Патрик Лихи президент Буштун администрациясын "өзүнө ылайыктуу гана документтерди" ачыкка чыгарды деп айыптады.
Демократ сенатор Патрик Лихи президент Буштун администрациясын "өзүнө ылайыктуу гана документтерди" ачыкка чыгарды деп айыптады.