Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

А.КЕРИМБАЕВ “СУЛУУЛАР” ЫРЫН КАНТИП ЖАЗГАН?


Таанымал обончу-ырчы, маркум Асанкалый Керимбаев “Сулуулар” аттуу ырын кандай жазганына күбө болгон белгилүү төкмө акын, обончу-ырчы Элмирбек Иманалиев кеп салып берет.

- Элмирбек мырза, таанымал ырчы-обончу, маркум Асанкалыйдын арабыздан о дүйнөгө кеткенине быйыл беш жылдын жүзү болду. Бир жердин, бир элдин кулуну катары маркум Керимбаев менен өмүрүнүн акыры күндөрүнө, апырта айтканда, мүнөттөрүнө чейин айыл аралап, концерт берип, бирге иштешип жүрүпсүз. Калк жүрөгүнөн түнөк таап, бүгүнкү күндө кыргыздын классикасына айланган, Алыкул Осмоновдун сөзүнө чыгарган “Сулуулар” атту ырын кандайча жагдайда, кандай шартта чыгарып калганын Асанкалыйдын өз оозунан угупсуң. Ошол уккандарыңды айтып берсең?

- Мен Асанкалый агай менен төрт-беш жыл бирге иштештим. Көп жолу кептерин уктум. Ачык айтып, ак сүйлөгөн мыкты адам эле. Бир күнү айтып калды: "Үч-төрт ай айыл аралап концерт берип жүрүп келсем үйүмдө аялым жок. Бөлмөнүн ичи жоо чаап кеткендей, чачылган. Бөлмөнүн ортосунда шоңшоюп кыягым (аккордионум) турат. Ар кайсы жерде китептерим чачылып жатыптыр. Аларды көрүп көңүлүм бузулду. Ошондо аялымдын такыр кетип калганын билдим. Терезе жакты карасам Алыкулдун “Көл толкуну” аттуу ырлар жыйнагы жатыптыр. Жыйнакты барактасам Алыкулдун “Сулуулар” аттуу ыры дароо көзүмө чалдыкты. Аны окуп чыктым да, дароо обонго салып ырдадым. Ошентип, бат эле “Сулуулар” аттуу обонумду чыгардым", деп айткан эле.

- Ырахмат, Элмирбек мырза. Эми өзүң менен бирге маркум Асанкалыйдын “Сулуулар” аттуу ырын өзүнүн аткаруусунда угалы:
XS
SM
MD
LG