Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

КЫРГЫЗСТАНДЫН КОМАНДАСЫ МОСКВАНЫН «ТОРПЕДОСУН» 4:3 ЭСЕБИНДЕ УТТУ


25-июнда Бишкектин «Спартак» стадионунда Москва шаарынын Кыргызстандагы күндөрүнүн алкагында Орусиянын атактуу «Торпедо» футбол командасы менен өлкөнүн жаштар тандалма командасынын ортосунда беттешүү болду.

Учурунда Москванын «Торпедо» командасын Лихачев атындагы автозавод каржылап, СССРдин чемпиондугун бир нече ирет жеңип алышкан. "Торпедонын" катарында футбол күйөрмандарына белгилүү даңазалуу оюнчулар Стрельцов, Иванов, Шустиков, Воронин жана Бубукин ойногон.

Учурунда Кыргызстандын «Алга» командасынан Геннадий Мерзликин менен Борис Стельцов да чакырылып «Торпедодо» машыгууларды өткөргөн.

Москванын Кыргызстандагы күндөрүнүн алкагында өткөн футболдук беттешүүгө «Торпедо» командасы менен Москванын «Металлург» командаларынын өкүлдөрү келишти. Учурда бул эки команда биригип «Москва» спорт клубунун карамагына өтүшкөнүн күйөрмандардын эсине сала кетели.

Москванын негизги оюнчулары Латвияда машыгууда жүргөндүктөн Бишкекке резервдеги жаш футболчулар келишти. Аларды СССРге таанылган спорт чебери Николай Васильев жетектеп келди. Алардын катарында Ренат Есипенко, Иван Бакулин, Петр Маршинский, Сергей Коробков, Вячеслав Сердюк, Андрей Кордун, Андрей Шереметьев, Дмитрий Кудинов, Денис Заботин жана башкалар бар. «Москва» футбол клубун жетектеген Юрий Белоус достук беттешүүдө москвалыктар жеңишке жетишээрин белгилеген.

Ал эми Кыргызстандын намысын жаңы таанылып келаткан Эмил Кененсариев, Талант Самсалиев, Нурлан Жантаев, Андрей Краснов, Владимир Сало жана башкалар коргоого чыгышты. Команданы өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Нематжан Закиров жана Загид Валиев даярдап, машыктырды.

Биринчи таймда эки команда тең эсепти ача албады. Кыргызстандык футболчулар бир нече жолу ыңгайлуу учурду колдон чыгарышты. Достук беттешүү тууралуу «Дордой» командасынын машыктыруучусу Мурат Дүйшөналиев мындай дейт:

- Москвалыктар дагы жаштарды алып келгендиктен биздин машыктыруучулар дагы жаштарга кезек берип, аларды сындан өткөрүштү. Негизинен тең оюн болду.

Москванын футбол клубу тууралуу «Заман Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикири төмөнкүдөй:

- Бул команданын түбү - «ЗИЛ» деген команда болуп саналат. Кийин «Торпедо» жана «Металлург» командаларына бөлүнүп кеткен. Каражат маселеси дагы буларды кыйнагандыктан Москванын мэри Юрий Лужков «Москва» деген футбол клуб түзүп, ушул эки команданы жакында эле өзүнө алып, камкордук көрө баштады. Эми булар 1-июлдан баштап Орусиянын жогорку лигасына «Москва» деген ат менен чыгышат. Бул чыныгы элдик команда болуп саналат.

Оюндун экинчи бөлүгүндө дагы меймандардын аракетинен майнап чыкпады. Негизги убакыт 0:0 болуп аяктады.

Футбол күйөрмандарынын өтүнүчү боюнча командалар бештен пенальти тебүүгө аргасыз болушту. Натыйжада, москвалыктар бир топту дарбазага таамай тебе албай, 4:3 эсебинде Кыргызстандын командасына жеңилип калышты. Мында кыргызстандык Владимир Сало, Владимир Веревкин айырмаланды.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG