- "Сахна ордо" тобун белгилүү кинорежиссер Шамил Жапаров 1999-жылы уюштурган. Топтун катышуучулары кыргыздын элдик аспаптарында эркин ойношот. Улуттук ырларды ырдашат, күүлөрдү чертишет.
- Нурлан мырза топ уюшулгандан бери эмне иштерди иштедиңиздер, кайсы жерлерде, кандай элдердин арасында гастролдордо болдуңуздар?
- Эки компак диска чыгардык. "Тогузак" деген рекламалык сериалдарды (түрмөктөрдү) экранга чыгардык. Көзгө көрүнүктүү чоң иштер ушулар. Коллектив Түркияда, Орусияда, Кореяда, Америкада жана башка чет өлкөлөрдө болду. Ал эми республикада көптөгөн концерттерди бердик жана берүүнүн үстүндө да иштеп жатабыз. Ошентип ар дайым чыгармачылык изденүүнүн сапарындабыз. Бул коллектив жашап атат, чыгармачылыгын өркүндөтүп, өөрчүтүүдө.
- Азыр анда кезекти сиздердин топтун аткаруусундагы Канымгүл Досмамбетованын "Кыйылып турам" аттуу ырынын үзүндүсүнө берейин. Аткаруучу Гүлзат Батырканова.
- Нурлан мырза, ырдан кийин кезектеги соболумду сизге берүүнүн алдында "Ордо сахна" тобу жалаң эле кыргыздын улуттук күүлөрүн, ырларын эле аткарбастан, канатташ, ирегелеш жашаган казак туугандардын да күүлөрүн, ырларын аткарышат экен. Алардын бири казак эл күүсү "Ата толгау". Анда өзүңүз менен бирге ошол күүдөн үзүндү угалы да анан маегибизди улайлы.
- Нурлан мырза, чакан жамаат менен көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдордо, эл аралык, дүйнөлүк сынактарга, фестивалдарга такай катышып жүрөсүз. Чет элдик угуучулар, көрүүчүлөр кыргыздын аспаптарын, күүлөрүн, ырларын кандай кабыл алышат? Ошолор тууралуу угармандар менен ой бөлүшө кетсеңиз?
- Көп эле чет өлкөдө, Батышта, Чыгышта болдум. Өзгөчө, Германияда кыргыздын элдик музыкасын эле эмес, бардык жакшы музыканы ушунчалык сүйүү, урматтоо менен кабыл алышат. Менин оюмча, кыргыздын музыкасын татыксыз начар ойносо эч бир эл жакшы кабыл албайт. Эгерде кыргыздын музыкасын жогорку чеберчиликте жакшы аткарсаң баардык эл улутуна карабай жакшы кабыл алышат. Биздеги бир артыкчылык - биздин темир ооз комуздай, жыгач ооз комуздай аспаптар дүйнө элдерине эң кеңири тараган. Аларды ар бир эл өздөрүнүн улуттук асапаптары катары эсептешет. Бирок биздин аспаптардын өзгөчө артыкчылыгы - күү ойнойбуз. Обертон деп аташат. Табигый үн добуштарын пайдаланып күү аткаруу биздин элдин арасына өтө кеңири тараган. Ырас, башка элдерде деле бар. Бирок алар жогорку тереңдикке, бийиктикке көтөрүлө алган эмес. Ошондуктан көпчүлүк чет элдик угуучулар, көрүүчүлөр жыгач, темир ооз комуздарга таң калышат жана суктанышат. Өзгөчө темир ооз комузду ушунчалык бериле эпилдете кагып, кайрыктарды кайрып берсең "бу кандай ушундай жөнөкөй эле аспаптан ушундай уккулуктуу сонун күү чыгарат" деп айран таң калышат. Ушуну байкадым. Анан комузда кол ойнотуп черткенди аябай жактырышат. Бирок өзүм Карамолдонун күүлөрүндөй терең, кара күүлөрдү жакшы көрөм. Чет өлкөлүктөр залкар күүлөрдү да жакшы түшүнүшөт. Бирок бейтааныш угармандарга татыктуу аткарып бериш керек.
- Ырахмат Нурлан мырза, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.