Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Сербияда жана Литвада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат


Евробиримдик батышчыл турумдагы реформачы Борис Тадичтин талапкерлигин колдоодо. Брюсселдин ырастоосунда, радикал партиянын лидери, улутчул Томислав Николичтин жеңиши Сербиянын изоляциясына алып келиши мүмкүн. Николич болсо анын саясаты өлкөнүн обочолунушуна алып келет деген дооматтарды четке кагып, батыш жана чыгыш менен байланыштарды бирдей өнүктүрүүгө, Сербиянын эл аралык коомчулук алдындагы милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин билдирди.

Ал эми Литвада президенттик орун үчүн мурдагы президент Валдас Адамкус жана экс-премьер Казимира Прунскиене ат салышууда. Биринчи турда Адамкус добуштардын 30дан ашуун процентин, Прунскиене болсо 21 процентин алууга жетишкен.
Казимиранын кандидатурасын мурдагы мамлекет башчы, апрель айында импичмент аркылуу кызматынан кеткен Роландас Паксас колдоодо.

Калктын пикирин сурап билүүлөр көрсөткөндөй, көпчүлүк шайлоочулар Адамкуска артыкчылык берет.

XS
SM
MD
LG