Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:44

«РЕНТОНГРУППТУН» АМАНАТЧЫЛАРЫ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИ КАМООЛГО АЛЫШТЫ


Шейшемби күнү «Рентонгрупп» компаниясына акчасын алдатып жиберген жүзгө чукул адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына пикетке чыгышып, Мыйзам чыгаруу жыйыны аманатчылардын көйгөйүн териштирген өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгын угуусун талап кылышты. Бул талаптарды айтуу үчүн жыйын төрагасы Абдыганы Эркебаевдин жолугуусун да өтүнүштү.

«Рентонгрупп» компаниясына 200 миллион сомдон ашык акчасын алдатып жиберген аманатчылар бул жолу чатакты иликтеген өкмөттүк комиссиянын жыйынтыгын Мыйзам чыгаруу жыйыны тезинен карап, акчабызды кайтарып алууга көмөктөшсүн деген талап менен чогулушту. Ал тууралуу аманатчылардын өкүлү Наталья Туманова мына буларды билдирди:

- Биз бул жерге палата төрагасы биздин көйгөйүбүздү териштирген өкмөттүк комиссиянын маалыматын угууга бир күн бөлсүн деген талап менен чогулдук. Биздин маселе ушул айдын күн тартибине киргизилген, бирок бүгүнкү жана эртеңки гана иш күнү калгандыктан алар биздин маселени караганга жетише албайт деп уктук. Ошон үчүн талап кылып жатабыз. Биздин маселеге көп убакыт кетпейт, ага бир эле күн жетет. Алар эң ириде биздин проблеманы чечүүгө милдеттүү. Анткени аларды биз шайлаганбыз.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын алданган адамдардын көйгөйүн иликтеген депутаттык комиссиясынын мүчөсү Николай Байло чогулгандарга чыгып, маселе июнь айынын күн тартибине киргизилген менен аны кароого убакыт жетпей жаткандыгын билдирди:

- Биздин иштин аякташына эки күн эле калды. Экономикалык мүнөздөгү бир топ мыйзамдарды караганга да жетишпей жатабыз. Депутаттардын биринин да силердин көйгөйүңөрдү укпай коёлу деген ою жок.

Байло «өкмөттүк комиссиянын ишине канааттанбаган болсоңор, ага ишенимиңер жок экендигин премьер менен президентке кабарлагыла» деп кеңеш берди.

Депутаттын мындай билдирүүсүнө нааразы болгон аманатчылар көтөрө келген табак-кашыктарын койгулашып, төраганын чыгышын кыйкырык-чуу менен талап кылышты.

Бирок төрага Абдыганы Эркебаев чогулгандар менен жолукпай эле, маселе шаршемби күнү өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда козголоорун палатада билдирди.

Ал эми «Рентонгрупптун» аманатчыларынын чатагын иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Акбөкөн Таштанбеков өкмөттүк комиссиянын жыйынтыктоочу документине өз колун койбогондугун, ага жыйынтыкта атуулдардын акчасын алдап кетүүгө жол берген адамдар менен мекемелердин аты аталбагандыгы себеп болгондугун билдирди.

«Рентонгруппка» байланыштуу чатакты иликтеген өкмөттүк комиссиянын төрагасы, вице-премьер министр Уларбек Матеев болсо депутаттын мындай маалыматын четке кагып, комиссия иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарып, анын негизинде бир катар кызматкерлер жоопко тартылып жаткандыгын билдирди:

- «Рентонгрупптун» чатагын иликтеген комиссия өз жыйынтыгын чыгарган. Ага ылайык мамлекеттик кызматтагы жети адамга карата кылмыш иши козголгон. Прокуратура териштирип, иш сотко берилип, азыр сот жараяны жүрүп жатат. Алар өз милдеттерин мыйзамдын негизинде так аткарган эмес деп айыпталышууда. Экинчиден, өкмөттүн финансы системасында иштеген башка адамдарга карата да иш козголуп, азыр тергөө жүрүп жатат. Жакында ал иштер прокуратурага берилип, айыпталып жаткан адамдар адвокаттары менен бирге таанышсын деп, иш колдоруна берилди. Мындан тышкары «Рентонгрупптун» аманатчылары менен биз жолугуштук. Анда акционердик коом түзүп, аманатчылардын акчасына сатылып алынган мүлктү иштеткиле да, акчаңарды кайтарып алгыла деп сунуш кылдык. Бирок алардын баары жашы улгайып калган пенсионерлер болгондуктан өзүбүз иштете албайбыз деп жатышат. Анда бирөөнү жалдап иштеткиле деп сунуш кылдык. Кандай гана чогулуш же басым болбосун баары бир маселе мыйзамдын негизинде сот аркылуу калыс чечилиши керек. "Прламенттен угабыз же башка жактан угабыз" дегенден акча пайда болбойт. Адамдарды куру сөз менен алдоого болбойт.

Андан тышкары Уларбек Матеев атуулдар ач көздүктүн улам ушундай чатакка кабылышкандыктан өкмөт алардын каражатын кайтарып берүүгө милдеттүү эмес экендигин кошумчалады:

- Өкмөт булардан акча алган эмес да, өкмөт кайсы негизде төлөп берүүгө милдеттүү? Алар «биз жоготкон акчабызды бюджеттен өкмөт төлөп берсин» деп жатышат. Бюджетте ал акча каралган эмес. Мыйзамдын негизинде өкмөт чарба жүргүзүүчү тараптардын ишине кийлигише албайт жана алардын карыздары үчүн жооп бербейт. Ошондой эле өкмөт өзүнүн карыздарын аларга жүктөй албайт. Ар бири өз иши үчүн жооп берет.

XS
SM
MD
LG