БИШКЕК. Бүгүн Адам укуктары боюнча эл аралык федерациясы жана Адам укуктарын коргоо боюнча кыргыз комитети Европа биримдигине жана кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстанда адам укуктарынын сакталбай жатышына, бейөкмөт уюмдарга, оппозициялык маанайдагы саясатчыларга, маалымат кызматтарына бийлик тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканына тынчсыздануу билдирилген. Ошондой эле Кыргызстанда өлүм жазасына өкүм чыгарууну, аны такыр жоюуну тездетүүнү кыргыз бийлигинен өтүнүшкөн.