Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

МАГАТЭнин башчысы бүгүн орус президенти менен жолукту


Мохаммед ал-Барадейдин жана ал жетектеген мекеменин ишин Россия толук колдойт, деп айтты Владимир Путин сүйлөшүү учурунда. Тараптар массалык кыргын куралдарына, ошондой эле Ирандын жана Түндүк Кореянын атомдук программаларына байланышкан проблемаларды талкуулашты. Россиянын Бушердеги атомдук станциянын курулушунда Иранга каралашып жатканы камтама кыла турган иш эмес, деп ырастады ал-Барадей.

Кечээ Москвага келгенде ал-Барадей Сибирдеги атомдук кампанын курулушуна МАГАТЭ катышканга ниет кылып жатканын билдирген эле. Бул кампага ар түрдүү өлкөлөрдөн ташылып келине турган ядролук калдыктар көмүлөт.

XS
SM
MD
LG