Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Май, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:21

Еврокомиссиянын жаңы төрагасы дайындалды

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн лидерлери уюмдун аткаруучу органы – Еврокомиссиянын жаңы төрагасы кылып Португалиянын премьер-министри Жозе Мануэл Дурао Бароссону дайындашты. Эми анын талапкерлигин Европарламент бекитиши керек. Добуш берүү 22-июлда Бароссо Европарламенттин депутаттарына өз программасын сунуш кылган соң болот. Еврокомиссиянын жаңы төрагасы кызматына 1-ноябрда, азыркы төрага, италиялык Романо Продинин кызмат мөөнөтү аяктаган соң киришет.
XS
SM
MD
LG