Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:10

КЫРГЫЗСТАНДА СОТ АДИЛЕТТИГИ БАРБЫ?


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Кыргызстанда сот адилеттиги орной электиги тууралуу карапайым калк да, бийлик өкүлдөрү да ар убак айтып келет. Мамлекет башчысы өзү да элдин 80 пайызы сотторго ишенбейт деп айтканы коомчулуктун эсинде. Ал эми сотторго ишенимдин жоктугу эмнеден улам экенине коомчулукта ар кыл пикир айтылып келет.

Кыргызстанда сот адилеттиги орной электиги, сот бийлиги аткаруу бийлигине көз каранды болуп, алардын жетегинде иш жүргүзөөрү тууралуу эксперттер ар убак айтып келишет. Мамлекет башчысы Аскар Акаев да карапайым калктын негизги бөлүгү сотторго ишенбей калганын ачык билдирген эле. Ал эми көп жылдар бою Өкмөт үйүнүн 7 – кабатында эң жогорку бийлик орундарын ээлеп келип, жакындан бери элге аралаша баштаган Мисир Ашыркулов кызматта турган мезгилинде депутаттардын алдында өлкөдө адилеттүү сот жок экенин, бирок качандыр бир учурда сот адилеттүүлүгү орногондо көп кыңыр иштер ачыкка чыгаарын Аксы окуясына байланыштырып айтканы бар:

-Курманбек Эргешович, качандыр бир кезде бизде адилет сот болот деп ойлойм.

Бул пикир көп жылдар бою президенттин эң жакын адамы болуп, өлкөнүн күч органдарына баш-көз болуп жүргөн Мисир Ашыркуловдун пикири. Ал эми “Азаттыкка” арыз-муңун айтып кайрылган угармандардын пикири кандай болду экен, аларды угуп, андан ары сөзүбүздү уласак:

-Мен мурда да айттым эле, сотторго элдин ишеними кетип, эл аларды жек көрө баштады.

Ал эми 15 жылга эркинен ажыратылып, абакта жаткан дагы бир адам:

-Мен Төрөжанов Акимбек, Базаркоргон районунан болом. Эгерде мага бирөөлөр ушундай бир адамды эч күнөөсү жок камап ийди десе мен ага эч качан ишенбес элем. Өз көзүм менен көрүп, менин өзүмө 15 жыл бергенине өрттөнүп кетем. Мен ушул жерде эч күнөөсүз жатып, сөөгүм эле калды. Өпкөмө суу толуп, баса албай калдым, дубалдарды сүйөнүп зорго турам.

Бир бир тууган инисин Өкмөт үйүнүн 7-кабатындагы жогорку кызматтагы адамдын айдоочусу урдуруп кеткенден улам каза болгон дагы бир айым анын эч кандай жоопко тартылбаганын айтып:

-Ушу, адилеттүүлүк менен соттоп берген адам болобу? Адилеттүүлүк менен карап беришин өтүнүп Аскар Акаев агама кайрылам. Адилеттүү сот болобу? Же бей-бечаралар ушинтип кала береби?- деп кайрылат.

Мына ушундай сай-сөөктү сыздаткан арыз-муңдары менен күн сайын “Азаттыкка” кайрылган угармандар көп. Дегеле, сот адилеттүү болду деп ыраазычылыгын айткандар чанда гана учурабаса, соңку кезде өтө сейрек кездешээрин укук коргоочулар да ар убак белгилеп келет. Мына ушундан улам маселеге бийлик өкүлдөрү кандай караарын билүү максатында биз президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Болот Жанузаковго кайрылдык:

-Көпчүлүк айтат: «биздин соттордун көпчүлүгү сатылып кеткен» деп. Бул - туура эмес! Муну ким айтаарын мен сизге азыр чечмелеп берейин. Сот 100 иш караса ошонун 50сү бир жагына чечилет, 50сү бир жагына чечилет. Утуп алган киши эч убакта сотту жаман деп айтпайт. Утуп алган киши сөзсүз айтат “сот адилет экен”, “сот абдан жакшы экен” деп. Ал эми утулган кииши сөзсүз айтат: “сот мыйзамсыз чечим чыгарды”, “сот сатылып кетти” же болбосо "жердештик кылды", же "булардын урук-туугандары экен" деп чыгышат, - деп жооп берди.

Ошентип, сот адилеттүүлүгүнө карата коомчулукта ар кыл пикирлер айтылып келет. Ал эми мамлекет башчысы белгилегендей, сотторго элдин 80 пайызы ишенбей калыш себебине ар ким өз түшүнүгүнө, ээлеген кызматына, өз башынан өткөргөн жагдайга жараша жооп берип келет.

XS
SM
MD
LG