Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:12

АДИЛЕТ ШАЙЛОО ИКАЯСЫ, ЭСКИ ПАСПОРТ ЭМИ ЖАРАКСЫЗ, АБДЫКЕРИМ СЫДЫКОВДУН АЗАМАТТЫГЫ


Эмдиги жылы өтчү шайлоону адилет өткөрүү демилгесин көтөрүп чыккан саясий күчтөрдүн максат-мүдөөсү эмне экенин териштирген макалалар арбын жарыяланууда. Эгемендикке жетишкени улуттук паспортту экинчи ирет жаңылоо аракетин жасап аткан Кыргызстанда ушу тапта эски советтик документ менен жүргөндөр деле арбын. Кыргыз мамлекетин түптөөгө Абдыкерим Сыдыков үлкөн салым кошкон.

«Адилет шайлоону көздөгөндөр Акаевди «крит» кылабы?» деген суроо менен ачылат 1-июнда жарыкка чыккан «Дил ордосу» гезити. Айдар Козуевдин жазганына ынансак, бийликти сактап калуунун ыңтайлуу жолу – парламентке «өз кишилерди» арбын топтоо. Депутат болгусу келгендер аш-тамагын камдап, элеттиктердин батасын алууга камданып турган чагы.

«Бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар, бир элди экиге бөлүп, ортосуна от койгон чагымчылар азыркынын журт бузар Арзыматтарын аттап-тондоп, ар айылга десант катары түшүрүп, уруу-урууга, кокту-колотко карапайым калкты бөлүп, тынч жаткан элдин чаңын асманга көтөрүүдө», деп жазат макала автору. Анын ырасташынча, бүгүнкү бийлик короосундагылардын оппозициялык топ менен бир казанга кайнайбыз деп чыгышы таң калтырбай койбойт. Себеп дегенде, жаңы шайлоо бирикмесин түзгөн жети саясатчынын багыты ар башка, мээлеген буталары кайчы.

Жаңы бирикмеден бираз илгери түзүлгөн «Алга, Кыргызстан» партиясы президенттин үгүт ишин башташка ашыкпоону өтүнгөн сунушун кулак сыртынан кетирип, финансылык-административдик ресурстарын ойкелди чачып аткан кези, дейт Айдар Козуев.

Айтса, «Алга, Кыргызстан!» партиясынын белдүү мүчөсү, ишкер Осмонбек Артыкбаевдин иши жүрүшүп, ити чөп жеп аткандыгын шаршембидеги «Вечерний Бишкек» гезити жазды.

Кыргызстандын 60 миңдей жараны эски паспорту менен калганын 30-июндагы «Дело №» басылмасы маалымдады. Өкмөт советтик кызыл паспортторду алмаштырууну өткөн жылдын июлуна чейин эле аяктоону максат кылган. Эски паспорту менен жүргөндөрдүн ашыкпаганын, анан да жаңы паспорттордун жетишсиздигин эске алып, аткаруу бийлиги башта белгилеген мөөнөтүн артка жылдырган. Маселе кандай чечилери азырынча белгисиз. Ошентип, кыргызстандык ар бир элүүнчү жаран улуттук паспорту жок, арабөк калышууда.

Ички иштер министрлигинин паспорт кызматы Орусиянын жолоюн жолдоп, эски паспортторду жаңысына алмаштырууну 2006-жылга чейин узартуу өтүнүчүн өкмөткө жолдошу ыктымал, деп белгилейт Вадим Ночевкин.

Орусия менен Казакстандын бажы кызматтары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстандан келчү поюздарды чегарадан өткөрбөй коюшу ыктымал экени ушул эле гезитте кабарланган. Антишке түштүктөн түндүккө сапар алган поюздарда билетсиз жүргүнчүлөрдүн көптүгү, бажы талаптарынын сакталбагандыгы себеп болууда.

«Общественный рейтинг» апталыгы жаңы санында кандай материалдарга орун бергенин гезит кабарчысы Канат Деркембаевден уксак.

- Жогорку Кеңеш депутаты Исхак Масалиев "азыркы президент кызматынан кетип, анын ордуна түштүктөн чыккан азамат келиши ыктымал", деп эсептейт. Гезитте жарыяланган көлөмдүү маегинде депутат өлкөдөгү саясий-экономикалык жагдай тууралуу өзүнүн байкоолорун ортого салган. Быйыл кыргыз мамлекетинин пайдубалын коюшкандардын бири Абдыкерим Сыдыковдун төрөлгөнүнө 115 жыл толот. Ал тууралуу материал жарыяланууда. Кыргызстан Евразиядагы лөк мамлекеттер – Кытай менен Орусиядан коркпой, жанындагылардан этият болушу абзел. Мурат Сүйүнбаевдин макаласында геосаясий кызыкчылыктардын аркыл жагдайлары тууралуу кеп болот. Гезитте «Рассвет» дыйкан чарба бирикмесинин жетекчиси Е.Быцконун макаласы да жарыяланган. Басылмада Кыргызстан экономикалык өсүшү тууралуу материалга да орун берилген.
XS
SM
MD
LG